КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 16-июлундагы № 295 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун балык чарба ишканаларына кыйыр мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө Финансылык-экономикалык абалды жакшыртуу жана КыргызРеспубликасынын Ысыккөл облусунун балык чарба ишканаларына кыйырмамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - «Караколбалыгы» ЖЧКсынын 4104,7 мињ сом суммасындагы 2005-жылдын15-июнуна карата бюджеттик ссуда боюнча карызынын калдыгын төлөөнү2010-жылдын сентябрына чейин узартсын; - бюджеттик ссуданы пайдаланганы үчүн жылдык 5 процент өлчөмүндө2006-жылдын сентябрынан тартып карызды төлөөнү баштоо менен проценттикставканы белгилесин; - 2010-жылдын сентябрына чейин тындыруу мөөнөтү менен узартылуучусуммага «Караколбалыгы» ЖЧКсы менен кредиттик жана күрөөлүккелишимдерин кайра түзсүн. 2. Бул тотомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов