КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 16-июлундагы № 298 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын 1994-2002-жылдардагы мезгилде табигый кырсыктардан жабыркаган элине узак мөөнөттүү жењилдиктүү ссуданын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын6-февралындагы № 37токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын 1994-2002-жылдардагы мезгилде табигыйкырсыктардан жабыркаган элине анын кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-февралындагы №37 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 2. Төмөнкүлөр белгиленсин: - айтылган узак мөөнөттүү жењилдиктүү ссуданы алууга КыргызРеспубликасынын аймагында 1994-жылдын 1-январынан 2001-жылдын 1-ноябрына жана 2002-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде болгон табигыйкырсыктардан жабыркаган, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчөкырдаалдар министрлиги берген тизмелерге ылайык көчүрүүгө көрсөтмөберилген, ал ссуданы мурда албаган жарандар (толук эмес көлөмдөалгандар) укуктуу экиндиги; - берилчү узак мөөнөттүү жењилдиктүү ссуданын өлчөмү ар бирконкреттүү учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектуражана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик турак жайкурулушу департаментинин, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчөкырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансымиинстрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардынадистеринин катышуусунда өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын чечимименен аныкталары. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги КыргызРеспубликасынын, Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнчамамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик турак жай курулушу департаментинетабигый кырсыктардан жабыркаган калкка турак жай куруу же экинчирынокто сатып алуу үчүн ссудаларды берүүгө каралганкаражаттарды республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүндө «Капиталдыксалымдар» статьясы боюнча каралган каражаттардын чегинде өз убагындабөлүп берсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жанакүрулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик турак жай курулушудепартаменти акча каражаттын республикалык бюджеттен келишине жарашаКыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигиберген тизмелер боюнча узак мөөнөтүү женилдиктүү ссудалардын өзубагында берилишин камсыздасын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жана коргонуу жанаукук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов