Бишкек шары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 16-июлундагы № 296 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында кызмат өтөо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 103 «Финансылык системанын башкаруу органдарынкайра уюштуруу жөнүндө»
Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 32 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12«Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансылык полицияоргандарынын, жазык-аткаруу системасынын катардагы жана жетекчиликкурамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарынэсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартибижөнүндө
жобону бекитүү тууралуу»
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүкиргизилсин: - 3-пунктта «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине» дегенсөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициябашкармасына» деген сөздөргө алмаштырылсын; 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12«Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансылык полицияоргандарынын, жазык-аткаруу системасынын катардагы жана жетекчиликкурамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарынэсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартибижөнүндө
жобого» төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: - 8-пункттун «б» пунктчасынын экинчи абзацысындагы «КыргызРеспубликасынын Финансы министринин» деген сөздөр «КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция башкармасынындиректорунун» деген сөздергө алмаштырылсын; - 19-пункттун биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууФинансылык полиция башкармасынын» деген сөздөргө алмаштырылсын; - 20-пункттун жетинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлиги тарабынан» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Финансылык полиция башкармасы тарабынан» деген сөздөргөалмаштырылсын; - 22-пунктта «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине» дегенсөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициябашкармасына» деген сөздөргө алмаштырылсын; - жогоруда аталган токтомдун № 4 тиркемесинин 3-пунктунун «г»пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: « - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык полициябашкармасынын оперативдүү издөө бөлүмүнүн Ички иштер министрлигиндегижана Улуттук коопсуздук кызматындагы ушундай кызматтардагы календардыкэсептөөдө 5 жылдан ашык иштеген жылдарын эсептөө мененаттестацияланган курамына;». 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-апрелиндеги №182 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу финансылыкполиция органдарында кызмат өтөө жөнүндө Убактылуу
жобону бекитүүтууралуу»
токтому күчүн жоготту деп табылсын; 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн. Биринчи вицне-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов