Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 15-июлу № 294 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы № 194
токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо жана Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын иш-араке-тинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы №194 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салыкинспекциясынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2005-жылдын 25-апрелиндеги N 164 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлор жанатолуктоолор киргизилсин: - 2-пункттагы "2231" жана "188" деген сандар тийиштүүлүгүнө жараша"2247" жана "194" деген сандарга алмаштырылсын; - жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы жөнүндө жобонунVII бөлүмүнүн 24-пункту "жетектөөчү башкармалыктардын" деген сөздөрдөнкийин "жана ведомстволук подразделениелердин жетекчилери" деген сөздөрменен толукталсын. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов