Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 25-июлу № 310 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Чатыр-Көлгө эл аралык маанидеги суулуу-саздак жер статусун берүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын негизинен сууда сүзүүчү канаттуулардын жаша-ган жери катарында эл аралык мааниси бар суулуу-саздак жерлер жөнүндөБУУнун Конвенсиясына (Рамсар Конвенциясы) кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификациялган Негизинен сууда сүзөөчө канатуулардын жашаган жери катарында эл аралык мааниси бар суулуу-саз-дак жерлер (Рамсар Конвенциясы) тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Кон-венциясын ишке ашыруу максатында, ошондой эле бийик тоолуу суулуу-саз-дак экологиялык система катары Чатыр-Көлдүн маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы белгиленген тар-типте Чатыр-Көлдү Конвенциянын бюросунун Эл аралык маанидеги суулуу-саз-дак жерлердин тизмесине (Рамсар участкаларынын тизмеси) киргизүү жөнүндө өтүнмө берсин. 2. "Чатыр-Көлдү мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүнүн катего-риясына которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-ноябрындагы №694
токтому күчүн жоготту деп табылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана жараты-лышты пайдалануу бөлүмүнө жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана Кыр-гыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматына жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев