КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 26-июлу № 318 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын иштелип чыгуучу нормативдик укуктук актыларынын электрондук маалыматтар базасын түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-февралындагы № 74
ток-томуна ылайык, ошондой эле мыйзам чыгаруу иш-аракетинин абалы жөнүндөөз ара аракетти жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде чыгарылып жатканнормативдик укуктук актылардын электрондук маалыматтар базасы (мынданары - маалыматтар базасы) түзүлсүн, ал коомдук талкуулоо үчүн кийинКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгашты-рылсын. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комисииялар, ошондой эле мамлекеттик башка органдаржана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча): - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине макулдашууга жибе-рилчү нормативдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматтардыалардын тексттеринин электрондук форматын кошо берип, маалымат базасы-нын каралган бардык формаларын толтуруу менен маалыматтар базасына жай-гаштырышсын; - маалыматтар базасын кароо жана жањылоо, ошондой эле иштелип чы-гуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматтарбазасына маалыматтарды киргизүү үчүн юридикалык кызматтардын(бөлүмдөрдүн) жооптуу кызматкерлерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылышсын. 3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүлөрдү ишкеашыра тургандыгы белгиленсин: - мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын (бөлүмдөрүнүн)жооптуу кызматкерлерин окутат, ошондой эле маалыматтык базасы менеништөө үчүн идентификациялык аталыштарды жана паролдорду ыйгарат; - маалыматтар базасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдардыниш-аракетин координациялайт; - маалыматтар базасын өз учурунда толтуруу мониторингин жүргүзүп,мамлекеттик органдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү маалыматтар база-сын түзүүгө байланыштуу маалыматтарды сурап алат жана көрсөтмөлөрдү бе-рет. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнө жана Кыргыз Респуб-ликасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев