Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы №148 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 29-июлу № 327 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 18-апрелиндеги"Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу жана билимберүү процесстерин башкарууну өркүндөтүү боюнча андан аркы чараларжөнүндө" Жарлагына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 2005-жылдын 16-февралындагы № 55 Жарлыгынын 2-пунктун ат-каруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчүуюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актыларынбекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февра-лындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптикжогорку билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилериншайлоо тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүчү мамле-кеттик билим берүү уюмунун (институт, академия, университет, консерва-тория ж.б.) жетекчиси (ректор, президент, начальник, директор ж.б.)(мындан ары - жождун ректору) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук акты-ларына ылайык шайланат."; - 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Жождун уюштуруучусу тарабынан Кыргыз Республикасынын билимберүү башкармалыгынын борбордук органынын макулдугу менен жождун ректо-рун шайлоо боюнча уюштуруу комитети түзүлөт (мындан ары - уюштуруу ко-митети), ал эми белгиленген тартипте түзүлгөн камкордук көрүүчүлөркењеши иштеген жождордо уюштуруу комитетинин функциясын жождун камкор-дук көрүүчүлөр кењеши аткарат.". Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов