Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 29-июлу N 328 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары бул мый-зам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов