Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 29-июлу N 332 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Карабуура районунун Карасай айылдык кењешин Бакайыр айылдык кењеши деп кайра атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 536
токтомуна ылайыктуу өзгөртүлгөн) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64 жана 65-статьяларынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Карабуура районунунКарасай айылдык кењешин Бакайыр айылдык кењеши деп кайра атоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешиндеги туруктуу өкүлү аталган мыйзам долбоорун КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов