КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005-жылдын 1-августу N 333 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун "Дружба" айыл чарба өндүрүштүк кооперативине товардык кредиттерди кайтарып берүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы N 877 токтомунун редакциясына ылайык) 2004-жылы табигый кырсыктардан жапа чеккен Кыргыз РеспубликасынынЧүй облусунун Москва районунун "Дружба" айыл чарба өндүрүштүк коопера-тивине жардам көрсөтүү, ошондой эле дан, май алынуучу жана жашылча-же-миш өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы чет өлкөлүк жана ата мекендиксортторунун жана гибридеринин үрөнүн өндүрүүнү стимулдоо максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Чүй облусунун Москварайонунун "Дружба" айыл чарба өндүрүштүк кооперативине берилген бюджет-тик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер жана Япония Өкмөтүнүн гранттарынынлиниясы боюнча алынган кредиттер боюнча карызды төлөп берүү мөөнөттөрүн2007-жылдын 1-декабрына чейин жана жеке жак М.М.Салихарга 2005-жылдынIII кварталынан тартып төлөп берүүнү баштоо менен 2006-жылдын 1-декаб-рына чейин узартсын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы N877 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн карызды төлөө КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрли-гинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ка-раштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду аркылуу жогорку са-паттагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен жүргүзүлөөрү белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономи-каны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду белгиленген тартипте Чүй облусунунМосква районунун "Дружба" айыл чарба өндүрүштүк кооперативи жана жекежак Салихар М.М. менен узартуу мөөнөтүнө проценттерди жана айыптардыэсептебестен бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер жана Япония Өк-мөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча алынган кредиттер боюнча кредиттиккелишимдерге кошумча макулдашууларды түзсүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы N877 токтомунун редакциясына ылайык) 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-пекциясы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин46-статьясына ылайык Чүй облусунун Москва районунун "Дружба" айыл чарбаөндүрүштүк кооперативине 2005-жылдын 1-майына карата түзүлгөн бюджеткекарызды төлөөнү 2007-жылдын 31-декабрына чейин кийинкиге калтырсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов