Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы № 181
токтомуна ылайык 2006-жылдын 1-январынан күчүн жоготту КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005-жылдын 2-августу № 335 "Энергия булактарына тарифтер жогорулаган шарттарында каражаты жетишпеген үй-бүлөлөргө жана жарандарга газ, жылуулук энергиясы, электр энергиясы жана ысык суу менен камсыздоо үчүн акы төлөөгө компенсация берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-мартындагы № 141 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Жаратылыш газы, электр, жылуулук энергиясы жана ысык суу мененжабдуу үчүн акы төлөөдө компенсациялоого укуктары бар аз камсыз болгонүй-бүлөлөргө жана жарандарга социалдык колдоо көрсөтүүнү күчөтүү макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Энергия булактарына тарифтер жогорулаган шарттарында каражатыжетишпеген үй-бүлөлөргө жана жарандарга газ, жылуулук энергиясы, электрэнергиясы жана ысык суу менен камсыздоо үчүн акы төлөөгө компенсацияберүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-мартын-дагы № 141
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-пункттагы "2004" деген сан "2005" деген санга алмаштырылсын. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов