Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 4-августу № 347 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005-жылдын 24-мартында Астана шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык шериктештиктин транспорттук коридорлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча макулдашылган саясат жүргүзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Евразиялык экономикалык шериктештиктин транспорттук саясат тарма-гындагы иштерин макулдашуу, жүк ташуулардын натыйжалуулугун жогорула-туу, эл аралык транспорт системасындагы тоскоолдуктарды жоюу максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2005-жылдын 24-мартында Астана шаарында кол коюлган Евразиялыкэкономикалык шериктештиктин транспорттук коридорлорун түзүү жанаөнүктүрүү боюнча макулдашылган саясат жүргүзүү жөнүндө тиркелген
макул-дашуу бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразиялык эко-номикалык шериктештиктин Интеграциялык Комитетине Кыргыз Республикасыаталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндегижол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин. 3. Бул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыр-гыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белги-ленсин. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникацияларбөлүмүнө жүктөлсүн. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов