КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 4-августу № 351 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында болуп өткөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө Табигый кырсыктардын кесепетинен 2005-жылы Кыргыз Республикасынынаймагында болуп өткөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча ке-чиктирилгис чараларды көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2005-жылы КыргызРеспубликасында болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу,авариялык-калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүү боюнча өзүлөрүнөжүктөлгөн милдеттерге ылайык жетекчилердин жеке жоопкерчилигинде кечик-тирилгис чараларды көрүүнү уюштурушсун. 2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-рлиги: - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана тийиштүү минист-рликтер, ведомстволор менен бирдикте 2005-жылдын биринчи жарымында бо-луп өткөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча биринчи кезек-теги авариялык-калыбына келтирүү иш-чараларынын планын иштеп чыксын; - поселкаларда көчүрүлүүчүлөр үчүн ички аянттык инженердик комму-никацияларды курууга кыска мөөнөттө киришсин; - табигый кырсыктардын алдын алууга жана болуп өткөндөрдүн кесе-петтерин жоюуга багытталган авариялык-калыбына келтирүүчү коргонуу иш-терин жүргүзүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ми-нистрликтер менен ведомстволордун иштерине контролдукту уюштурсун; - болуп өткөн табигый кырсыктардын кесепеттерин эске алуу менен2005-жылга капиталдык курулуш объекттеринин жана авариялык-калыбынакелтирүү иштеринин планын көбөйтүү жагын кайра карасын; - 2005-жылдын 10-13-июнунда селге дуушар болгон калктуу конуштардыкайтадан текшерип чыгууну уюштурсун; - адистештирилген уюмдарды тартуу менен өзгөчө коркунучтуу зона-лардагы илимий-изилдөө иштеринин комплексин жүргүзүүгө киришсин; - табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгонкүйүүчү-майлоочу материалдардын жана башка материалдык каражаттардынзапастарын түзүү боюнча чараларды көрсүн; - облустук көчмө механизацияланган отряддарга азыркы учурдагы ин-женердик-курулуш техникаларын кошумча бөлүүнү камсыз кылсын; - табигый кырсыктардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу жагынаниш-чараларды уюштуруу боюнча жарандык коргонуунун атайын машыгууларынөткөрүү практикасын улантсын; - Ош облусунун Өзгөн районунун Кыймыл, Баткен облусунун Баткен ра-йонундагы Бозадыр айылдарындагы коргонуучу дамбаларды, Ош облусунунӨзгөн районунун Мырзаке айылында, Баткен облусунун Кызылкыя шаарындасел тосуучу курулмаларды куруу, Ош облусунун Карасуу районунун Кењсайайылында жер алдындагы суулардын дењгээлин азайтуу жана Жалалабат облу-сунун Сузак районунун Орток айылында инженердик коммуникацияларды курууиштерин бүткөрүүнү тездетсин; - табигый кырсыктардан кыйла жабыр тарткан калкка колдо болгон ре-зервден гуманитардык жардам берүүнү уюштурсун. 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдары төмөнкүлөрдү жетекчилердин жеке жоопкерчилигинеалышсын: - табигый кырсыктан жабыр тартышкан үй-бүлөлөргө узак мөөнөттүүжењилдетилген ссудаларды бөлүү боюнча маселелер чечилгенге чейин алардыубактылуу турак жайга көчүрүү боюнча шашылыш чараларды көрүүнү; - акча каражаттарынын өтө жетишсиздигине байланыштуу каржылоокөлөмдөрүнө ылайык турак жайларды курууга жана сатып алууга ссудалардыбиринчи кезекте бөлүү үчүн артыкчылыктуу райондорду аныктоону; - каржылоо көлөмдөрүнө ылайык узак мөөнөттүү жењилдетилген ссуда-ларды биринчи кезекте алууга муктаж болгон жапа чеккен үй-бүлөлөрдүнтизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана ку-рулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик турак жай курулуш де-партаментине берүүнү; - тизмелерди түзүүдө өтө муктаж үй-бүлөлөрдү тандоонун ачык-айкын-дуулугун камсыз кылууну; - тиешелүү кызматтар менен бирдикте жањы турак үйлөрдү курууга жеручастокторун бөлүүнү камсыздоону; - ведомстволук аймактарда капиталдык курулуштун ведомстволук пла-нына кирбеген объекттерде авариялык-калыбына келтирүү иштеринжүргүзүүнү уюштурууну; - табигый кырсыктардан жапа чеккен калкка турак жай курулушу үчүнбөлүнгөн участоктордо инженердик коммуникацияларды курууга Кыргыз Рес-публикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки жумалыкмөөнөттө архитектуралык-пландоо тапшырмасын берүүнү; - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн финансылык, мате-риалдык ресурстарды түзүүнү камсыздоону; - колдо болгон ресурстарды пайдалануу, эл аралык жана өкмөттүкэмес уюмдар жагынан жардамдарды тартуу менен табигый кырсыктардан кыйлажапа чеккен жашоочуларга даректүү жардам көрсөтүүнү уюштурууну. 4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлиги: - табигый кырсыктарга дуушар болгон калктуу конуштарга баруучужолду камсыз кылуу боюнча шашылыш тартипте чара көрсүн, жалпы пайдала-нуудагы автожолдордун бузулган участокторун калыбына келтирүү боюнчаэтаптуу иштерди уюштурсун; - ички чарбалык багыттагы автожолдор жана көпүрөлөр боюнча авария-лык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө жергиликтүү мамлекеттик адми-нистрацияларга жардам көрсөтсүн. 5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги: - ведомстволук суу чарба курулмаларында авариялык-калыбына кел-тирүү иштерин жүргүзүү боюнча чараларды көрсүн; - сел жана суу өткөрүүчү курулмаларда капиталдык курулуш жана ава-риялык-калыбына келтирүү иштеринин планын көбөйтүү жагын кайра караш-тырсын; - магистралдык сугат каналдарында, сел өткөрүүчү ири курулмалардакалыбына келтирүүчү иштерди биринчи кезекте уюштурсун; - табигый кырсыктардын натыйжасында айыл чарба жерлери бузулуп жокболгон кыйла жабыр тарткан жашоочуларга зарыл жардам көрсөтсүн. 6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги сел агым-дарынан жабыр тарткан райондордо санитардык-гигиеналык жана эпидемиягакаршы иш-чараларды шашылыш тартипте жүргүзүүнү аяктасын. 7. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирдикте: - жабыр тарткан райондордун калкына пенсияларды, пособиелерди өзучурунда төлөөнү камсыз кылсын; - жабыр тарткан райондордо өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюужана Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү фондунан бөлүнүүчү каражаттар-дын эсебинен жањы турак үйлөрдү куруу боюнча коомдук акы төлөнүүчү иш-терди уюштурсун. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-луш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик турак жай курулуш депар-таменти жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен бирдикте: - Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-рлиги берген тизмелерге ылайык 2004-2005-жылдардагы табигый кырсыктар-дын натыйжасында жабыр тарткан республиканын жашоочуларына жењилдетил-ген ссудаларды берүүнү белгиленген тартипте ишке ашырсын; - кайтарып берүү мөөнөтү жеткен, мурда берилген жењилдетилген ссу-даларды кайтарып берүү боюнча иш-чараларды жүргүзсүн; - мурда берилген жењилдетилген ссудаларды кайтарып берүүдөн түшкөнкаражаттарды кезекте тургандарга жењилдетилген ссуда берүүгө жумшасын.Мында ссудалар кайтарылып берилген республиканын районунун жашоочулары-на ссуда алууда артыкчылык берилсин. 9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - бөөдө кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча максаттуу багыттагыбиринчи кезектеги авариялык-калыбына келтирүү иштери үчүн алдыдагы кар-жылоо эсебине Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдарминистрлигине 70 млн. сом, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комму-никациялар министрлигине - 50 млн. сом, Кыргыз Республикасынын Айыл,суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине - 50 млн. сомбөлсүн; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-луш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик турак жай курулуш депар-таментине биринчи кезектеги тизмеге кирген, бөөдө кырсыктан жабыр тарт-кан үй-бүлөлөргө жењилдетилген ссуда берүү үчүн 50 млн. сом бөлсүн. 10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарыныништери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Аткаруунун жүрүшү жөнүндө 2005-жылдын 5-сентябрында каралсын. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов