Редакцияот 06.08.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-августу № 353                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                 Кыргыз Республикасынын Ош шаарына турак                   жай куруу үчүн жер берүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын жарандарынын социалдык  муктаж-дыктарын  чечүү  максатында  жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарынын Жапа-лак айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерле-ринин 26,0 га сугат айдоосун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категория-сынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу  жөнүндө  Жербөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия мененмакулдашылган сунушу кабыл алынсын.     2. Ушул  токтомдун  1-пунктунда  көрсөтүлгөн жерлер андан ары жекетурак жай курууга берүү үчүн Ош шаарынын мэриясына өткөрүп берилсин.     3. Ош шаарынын мэриясы:     - зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен  кам-сыз  кылууну эске алуу менен бөлүнгөн участкаларга курулуш куруу долбо-орлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын;     - жеке турак жай курууга жер участкаларын берүү Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлсүн;     - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөзртүүлөр киргизил-син.     4. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин  өнүктүрүү  жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.      Биринчи вице-премьер-министрдин     милдетин аткаруучу                              Ф.Кулов