Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-августу N 356 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде социалдык-маданий мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын жана бюджеттик чөйрөнүн адистеринин жана кызматкерлеринин кызматтык маяналарын тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 31-мартындагы N 175 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 19-январындагы N 21 жар-лыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде социалдык-маданий меке-мелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын жана бюджеттикчөйрөнүн адистеринин жана кызматкерлеринин кызматтык маяналарын тартип-ке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 31-мар-тындагы N 175 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "2003-жылдын 1-апрелинен тартыпайына 160 сом өлчөмүндө" деген сөздөр "2005-жылдын 1-апрелинен тартыпайына 184 сом өлчөмүндө; 2005-жылдын 1-июлунан тартып айына 208 сомөлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги маданият кызматкер-леринин эмгек акысын жогорулатууга каражаттарды издеп тапсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-паратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. 4. Бул токтом 2005-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов