Редакцияот 06.08.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-августу N 357                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюуга            карата адистерди даярдоо боюнча чаралар жөнүндө      "Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү  өзгөчөкырдаалдардын  коргоо  жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын  Билим  берүү министрлиги Кыргыз-РоссияСлавян университетинде  "Авариялык-куткаруучу  иштер",  "Пиротехникалыкиштерди  жүргүзүү технологиясы",  "Реалдуу сейсмотуруктуу жана туруктууимараттардын жана курулмалардын диагностикасы", "Суу объекттеринде ава-риялык-куткаруучу  жана башка кечиктирилгис иштердин мониторинги,  бол-жолдоо жана өткөрүү",  "Табигый жана  техногендик  мүнөздөгү  кризистиккырдаалдарда коопсуздукту башкаруу,  калкты жана аймактарды өзгөчө кыр-даалдардан коргоо жаатында мамлекеттик экспертиза жүргүзүү" деген адис-тештирүүлөрү  бар "Өзгөчө кырдаалдарда коргоо" адистиги боюнча инженер-лерди даярдоо боюнча "Өзгөчө кырдаалдарда коргоо"  адистештирилген  ка-федрасын ачсын.     2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги,  Кыргыз Респуб-ликасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республи-касынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги, КыргызРеспубликасынын Улуттук илимдер академиясы Кыргыз-Россия Славян универ-ситети менен бирдикте экология жана өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө  адис-терди  даярдоо  жана  квалификацияларын жогорулатуу боюнча Улуттук узакмөөнөттүү план иштеп чыксын.     3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги,  Кыргыз Республика-сынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз-Россия  Славянуниверситети жана тиешелүү жогорку окуу жайлары, министрликтер, ведомс-тволор,  мамлекеттик  администрациялар  менен  бирдикте  экология  жанаөзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө адистерди комплекстүү кесиптик даярдоо бо-юнча каралган бюджеттик жана башка тартылган  каражаттардын  чектериндезарыл уюштуруу иш-чараларын жүзөгө ашырышсын.     4. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынПремьер-министринин  Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарыныништери  боюнча  бөлүмүнө  жана  социалдык-маданий  өнүктүрүү   бөлүмүнөжүктөлсүн.      Биринчи вице-премьер-министрдин     милдетин аткаруучу                              Ф.Кулов