Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-августу N 358 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Өндүрүштүк жана технологиялык операцияларды аткарганда товар кайсы өлкөдө орун алса, ошол өлкөдөн чыкты болуп эсептелген шарттардын тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" КМШнын Экономикалык кењешинин Москва шаарында 2005-жылдын 11-мартында кол коюлган чечимин бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-гыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык, "Өндүрүштүк жана технологиялык опера-цияларды аткарганда товар кайсы өлкөдө орун алса, ошол өлкөдөн чыктыболуп эсептелген шарттардын тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" КМШнынЭкономикалык кењешинин Москва шаарында 2005-жылдын 11-мартында кол ко-юлган чечиминин 2-пунктуна ылайык мамлекеттик ички процедураларды атка-руу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Өндүрүштүк жана технологиялык операцияларды аткарганда товаркайсы өлкөдө орун алса, ошол өлкөдөн чыкты болуп эсептелген шарттардынтизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" КМШнын Экономикалык кењешининМосква шаарында 2005-жылдын 11-мартында кол коюлган чечими (мындан ары- Чечим) бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына товарлар Кыр-гыз Республикасында чыккандыгын тастыктоочу сертификаттарды берүүдөкөрсөтүлгөн Чечимди жетекчиликке алуу сунуш кылынсын. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысызМамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине бул Чечим күчүнө кири-ши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды Кыргыз Республика-сынын аткаргандыгы тууралуу билдирсин. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов