Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-августу N 360 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде социалдык-маданий мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын жана бюджеттик чөйрөнүн адистеринин жана кызматкерлеринин кызматтык маяналарын тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 31-мартындагы N 175 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Билим берүү жана саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысынжогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын1-июлундагы N 260 жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде социалдык-маданий меке-мелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын жана бюджеттикчөйрөнүн адистеринин жана кызматкерлеринин кызматтык маяналарын тартип-ке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 31-мар-тындагы N 175 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 2-пункттун төртүнчү абзацындагы "2004-жылдын октябры" жана "208"деген сөздөр жана цифралар тиешелүү түрдө "2005-жылдын июлу" жана "240"деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги билим берүү жана са-ламаттык сактоо кызматкерлеринин (жогорку окуу жайларынын кызматкерле-рин кошпогондо) эмгек акысын жогорулатууга каражаттарды издеп тапсын. 3. Бул токтом 2005-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы ми-нистрлигине жүктөлсүн. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов