Редакцияот 06.08.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-августу N 362                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты                      эсептөөнүн тартиби жөнүндө      Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты эсептөөнү тартипке  кел-тирүү максатында, Кыргыз Республикасы Орто Азия регионунда "жайкы" уба-кытты киргизүү жана жоюу практикасын колдонгон бирден-бир  өлкө  катарыкалгандыгын, ошондой эле саатты которуу республиканын калкынын ден соо-лугуна терс таасир тийгизе тургандыгын эске алуу менен Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын аймагында "жайкы" убакытты киргизүү жанаалып салуу практикасы жоюулсун.     2. Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты эсептөө 1 саатка  ал-как  убактысынан алдыга озуу менен сааттык алкактардын эл аралык систе-масы боюнча жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, бул 2005-жылдын 27-марты-нан тартып колдонулуучу убакытты эсептөөгө дал келет.     3. Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология инс-титутуна  1992-жылдын 9-октябрындагы "Убакытты жана жыштыкты өлчөө бир-дигин камсыз кылуу боюнча  кызматташтык  жөнүндө  макулдашууга"  ылайыкКыргыз    Республикасынын   аймагында   убакытты   эсептөө   тартибининөзгөргөндүгү жөнүндө макулдашуунун бардык  катышуучуларына  2005-жылдын15-сентябрына чейинки мөөнөттө билдирүү жиберүү сунушталсын.     4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.     5. "Кыргыз  Республикасынын аймагында "жайкы" убакытты киргизүүнүнжана  жоюунун  бирдиктүү  мөөнөттөрү  жөнүндө"  Кыргыз  РеспубликасынынӨкмөтүнүн  1999-жылдын  26-февралындагы N 107 токтому күчүн жоготту дептабылсын.     6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.     7. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономика,  өнөр жай жана соода башкар-малыгына жүктөлсүн.      Биринчи вице-премьер-министрдин     милдетин аткаруучу                              Ф.Кулов