Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 13-августундагы № 367 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-апрелиндеги № 250 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Ишкердик структураларды микрокредиттөө жолу менен Кыргыз Республикасында чакан жана орто бизнести колдоону андан ары күчөтүү, узак мөөнөттүү ипотекалык кредит берүүнү өнүктүрүү максатында, ошон-дой эле Кыргыз Республикасында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын мый-замдарына шайкеш келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачыкакционердик коомун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2004-жылдын 13-апрелиндеги № 250 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилсин: - 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Фондун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия тарабынанмурда берилген кредит боюнча негизги карыздын суммасын жоюунун натый-жасында келип түшкөн 4 000 000 (төрт миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражаттарынын эсебинен түзүлгөнү белгиленсин."; - 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүк-түрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын наркы уставдык капиталдан ашкан активдери жана Фонддун карыздык милдеттенмелери Фонддун кошумча капи-талына уставдык капиталынан ашыкча салым катары эсептелсин."; - төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: "5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Эконо-миканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Фонддун уставдык капиталын түзүү боюнча каражаттарды эсептен чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-сентябрындагы № 490 токтомуна ылайык жерги-ликтүү бюджеттерден, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн чегерүүлөр-дүн эсебинен республикалык бюджеттен мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссияга түшкөн каражаттардын суммасына 25 жыл мөөнөткө проценсиз ссуда берүү жөнүндө Фонд менен Келишим түзсүн."; - 5-10-пункттар тиешелүү түрдө 6-11 пункттар деп эсептелсин. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода баш-кармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев