Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-августундагы № 375 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында адамдарды мыйзамсыз ташып кетүүгө жана сатууга каршы күрөшүү боюнчачаралар жөнүндө" 2002-жылдын 21-апрелиндеги № 94
Жарлыгын аткаруумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтө токтом кылат: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекеме-лердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531
токтомуменен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө
жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын: "г) Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен сырткары жумушка орноштурууга байланыштуу ишке уруксатты же иш-аракет укугуна уруксатты тариздеген жеке адамдар менен юридикалык жактарга өткөрүлүп берилүүгө тийин болгон депозиттик суммалар ушул уруксат-тардын колдонулуш мөөнөтүнүн аралыгында сакталат.". Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов