Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-августу № 377 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун элинин со-циалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер
кодек-синин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облустук мамлекеттик администрациясы-нын Жер бөлүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комисси-яга макулдашылган, Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондундагы228,5 га жерди, анын ичинен 168,5 га сугат айдоону, 60,0 га кайрак ай-доону Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун калктууконуштарынын аянттарын кењейтүү үчүн берүү жөнүндө сунушу кабыл алын-сын. 2. Төмөндө аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" катего-риясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун: - Жоош айыл өкмөтүнүн 35,0 га сугат айдоосу; - Папан айыл өкмөтүнүн 42,0 га сугат айдоосу, 6,0 га кайрак айдоо-су; - Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн 31,5 га сугат айдоосу, 20,0 га кайракайдоосу; - Отузадыр айыл өкмөтүнүн 30,0 га сугат айдоосу; - Сарай айыл өкмөтүнүн 3,0 га сугат айдоосу; - Мады айыл өкмөтүнүн 27,0 га сугат айдоосу, 34,0 га кайрак айдоо-су. 3. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы: - бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна курулушкуруунун пландык жана жумушчу документтерин ал жерлерде социалдык-мада-ний маанидеги объекттерди жана инженердик коммуникацияларды жайгаштыру-уну эске алуу менен иштеп чыксын; - жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткруучу Ф.Кулов