Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-августундагы № 378 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалы Бишкек шаарынын ТЭЦине күл төгүүчү жайларынын аймактарын кењейтүү үчүн жер участкасын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администраци-ясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган төмөнкү сунуштары кабыл алынсын: - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айыл өкмөтүндө жагаш-кан Кыргыз Республикасынын жарандарынан сатылып алынган жер үлүштөрү-нүн 80,0 га сугат айдоосун "Электр станциялары" ачык акционердик коо-мунун филиалы Бишкек шаарынын ТЭЦине күл төгүүчү жайларынын аймактарын кењейтүү үчүн берүү жөнүндө; - жогоруда аталган жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер"категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башкабагыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө. 2. чүй облусунун мамлекеттик администрациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин; - "Айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин алыпкоюга байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын калыбына келти-рүүнүн наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык 80,0 га сугат айдоосу үчүн айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасын жана жоготулган пайданы "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалы Бишкек шаарынын ТЭЦинин төлөп берүүсүн камсыз кылсын: 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов