Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-августу № 379 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаары-нын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Рес-публикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-миссия менен макулдашылган төмөнкү сунуштары кабыл алынсын: - Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин 14,0 гасугат айдоосун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөнрайонунун Дөњбулак айыл өкмөтүнүн 8,0 га жерин жана Башдөбө айылөкмөтүнүн 6,0 га жерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө; - аталган жерлерди Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн райо-нунун Өзгөн шаарынын аймактарын кењейтүү үчүн берүү жөнүндө. 2. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы: - ушул токтомдун 1-пункттунда көрсөтүлгөн жер участокторуна соци-алдык-маданий арналыштагы объекттерди жана инженердик коммуникациялардыжайгаштырууну эске алуу менен курулуш курууга пландоочу жана жумушчудокументтерди иштеп чыксын; - жер участкаларын берүүнү Кыргыз Республикасынын нормативдикукуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзсүн; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткруучу Ф.Кулов