Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-августундагы № 380 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун тургундарынын социалдыкмаселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администра-циясынын калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн Айыл чарбажерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен берүү жөнүндө Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган төмөнкүдөй сунушу кабыл алынсын: - 17,0 га кайрак айдоону - Ош облусун Каракулжа районунунКаракочкор айыл өкмөтүнө; - 40,5 га сугат айдоону - Ош облусунун Карасуу районунун Сарайайыл өкмөтүнө. 2. Ушул токтомдун 1-пункттунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарбабагытындагы жерлер" категориясынан "Кактуу конуштардын жерлери"категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администра-циясы: - бөлүп берилген жер участкаларына социалдык-маданий арналыш-тагы объекттерди жана инженердик коммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен курулуш куруу долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын; - жер участкаларын берүүнү Кыргыз Республикасынын нормативдикукуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзсүн; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдинмилдетин аткаруучу Ф.Кулов