Редакцияот 18.08.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-августу № 381                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван               районундагы Керметоо жана Тепекоргон айыл             өкмөттөрүнүн калктуу конуштарынын аймактарын                    кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун тургундарынынсоциалдык маселелерин чечүү максатында,  Кыргыз Республикасынын Жер ко-дексинин  20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат:     1. Кыргыз  Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин 31,0  гасугат  айдоосун  Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагыКерметоо жана Тепекоргон айыл өкмөттөрүнүн калктуу конуштарынын  аймак-тарын кењейтүү үчүн Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча рес-публикалык комиссия менен макулдашылган сунушу кабыл алынсын.     2. Төмөнкүлөр   "Айыл  чарба  багытындагы  жерлер"  категориясынан"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун:     - Араван районунун Керметоо айыл өкмөтүнүн 11,0 га сугат айдоосу;     - Араван районунун Тепекоргон айыл өкмөтүнүн 20,0 га сугат  айдоо-су.     3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик  администрация-сы:     - бөлүп берилген жер участкаларына  социалдык-маданий  арналыштагыобъекттерди  жана  инженердик коммуникацияларды жайгаштырууну эске алууменен курулуш куруу долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын;     - жерди  эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син.     4. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин  өнүктүрүү  жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министрдин милдетин аткруучу           Ф.Кулов