Редакцияот 18.08.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-августу № 382                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван               районунун Нурабат айыл өкмөтүнүн калктуу                   конуштарынын аймактарын кењейтүү                        үчүн жер берүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Ош облусунун Араван районунун Нурабат айылөкмөтүнүн тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында,  КыргызРеспубликасынын  Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык  ко-миссия менен макулдашылган төмөнкү сунуштары кабыл алынсын:     - Кыргыз Республикасынын Ош  облусунун  Араван  районунун  Нурабатайыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин21,18 га сугат айдоосун "Айыл чарба багытындагы жерлер"  категориясынан"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө;     - аталган жерлерди Нурабат айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын ай-мактарын кењейтүү үчүн берүү жөнүндө.     2. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы:     - жерди  эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син;     - ушул  токтомдун 1-пункттунда көрсөтүлгөн жер участокторуна соци-алдык-маданий арналыштагы объекттерди жана инженердик коммуникациялардыжайгаштырууну  эске  алуу  менен курулуш курууга пландоочу жана жумушчудокументтерди иштеп чыксын.     3. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министрдин Аппаратынын агроөнөржай  комплексин  өнүктүрүү  жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министрдин милдетин аткруучу           Ф.Кулов