Редакцияот 18.08.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-августу № 384                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               Кыргыз Республнкасынын Жалал-Абад облусунун              Сузак районунун калктуу конуштарын кењейтүү                        үчүн жер берүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун элининсоциалдык маселелерин чечүү максатында,  Кыргыз Республикасынын Жер ко-дексинин  20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат:     1. Кыргыз  Республикасынын  Жалал-Абад  облустук мамлекеттик адми-нистрациясынын Жер бөлүү менен байланышкан маселелер боюнча республика-лык комиссияга макулдашылган, Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фон-дундагы 400,53 га жерди,  анын ичинен 296,38 га сугат айдоону,  67,2 гакайрак айдоону, 36,95 га көп жылдык өсүмдүктөр турган жерди Кыргыз Рес-публикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун калктуу  конуштарынынаянттарын кењейтүү үчүн берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.     2. Төмөндө аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер"  катего-риясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун:     - Карадарыя айыл өкмөтүнүн көп жылдык өсүмдүктөр турган 1,0 га же-ри;     - Сузак айыл өкмөтүнүн 116,22 га сугат айдоосу, 12,0 га кайрак ай-доосу;     - Ырыс айыл өкмөтүнүн 14,52 га сугат айдоосу, 12,0 га кайрак айдо-осу;     - Атабеков айыл өкмөтүнүн 29,55 га сугат айдоосу, 0,45 га көп жыл-дык өсүмдүктөр турган жери;     - Барпы айыл өкмөтүнүн 47,5 га сугат айдоосу, 4,0 га кайрак айдоо-су, 6,5 га көп жылдык өсүмдүктөр турган жери;     - Ташбулак айыл өкмөтүнүн 34,85 га сугат айдоосу;     - Кызылтуу айыл өкмөтүнүн 14,7 га сугат айдоосу;     - Кызкөл айыл өкмөтүнүн 12,8 га кайрак айдоосу;     - Ленин айыл өкмөтүнүн 21,0 га көп жылдык өсүмдүктөр турган жери;     - Багыш айыл өкмөтүнүн 15,04 га сугат айдоосу,     - Көкарт  айыл өкмөтүнүн 24,0 га сугат айдоосу,  8,0 га көп жылдыкөсүмдүктөр турган жери;     - Курманбек айыл өкмөтүнүн 20,4 га кайрак айдоосу;     - Каралма айыл өкмөтүнүн 6,0 га кайрак айдоосу.     3. Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы:     - бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна  курулушкуруунун пландык жана жумушчу документтерин ал жерлерде социалдык-мада-ний маанидеги объекттерди жана инженердик коммуникацияларды жайгаштыру-уну эске алуу менен иштеп чыксын;     - жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү  киргиз-син.     4. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынПремьер-министринин  Аппаратынын  агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министрдин милдетин аткруучу           Ф.Кулов