Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 22-августундагы № 391 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынын 12-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админи-страциясынын туристтерди тейлөө боюнча объекттерди куруу үчүн КыргызРеспубликасынын жараны Айтуганов Талгат Саматовичтин менчигиндеги,Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Кумбел айыл өкмөтүнүн 1,93 га сугат айдоосун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Кактуу конуштардын жерлери" категориясына трансформациялоо жөнүндө Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган сунушу кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы: - зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар мененкамсыз кылууну эске алуу менен Булансөгөттү курорттук комплексинин(батыш тарабы) негизги планынын схемасын иштеп чыгууна камсыз кылсын; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдүкиргизсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүүжана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов