Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 16-августу N 372 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик уюмдардын тизмеси жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 68-статьясын ишке ашыруумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик уюмдардынтиркелген тизмеси бекитилсин. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-августундага N 372 токтому менен бекитилген Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик уюмдардын тизмеси 1. Мамлекеттик айыл чарба ишканалары менен уюмдары же айыл жерле-ринде жайгашкан айыл чарбасы боюнча илимий изилдөө уюмдары. (*) 2. Темир жол транспортунун линиялык ишканалары. (*) 3. Байланыштын эксплуатациялык ишканалары менен уюмдары. (*) 4. Саламаттык сактоонун дарылоо-алдын алуу жана санаториялык-про-филактикалык мекемелери. (*) 5. Окутуу жана тарбиялоо мекемелери. 6. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын КыргызРеспубликасынын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон райондорундажайгашкан мекемелери. 7. Мамлекеттик театрлар, көркөм жамааттар жана студиялар. 8. Гидрометеокызматтын тармактык уюмдары. 9. Геологиялык экспедициялар, партиялар, отряддар жана участкалар. 10. Токой жана суу чарба уюмдары. 11. Айыл жерлериндеги агартуу, саламаттык сактоо, социалдык кам-сыздоо уюмдары, маданий-агартуу мекемелери. 12. Жалпы пайдалануудагы жолдорду эксплуатациялоочу жол уюмдары.(*) 13. Алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо курулушту ишке ашыруучукурулуш, курулуш монтаждоо жана башка адистештирилген уюмдар жана учас-токтор. (*) 14. Көлмөдөгү, көлдөгү, суудагы балыкчылык чарбалары, балык завод-дору, көбөйтүп-өстүрүүчү чарбалар жана балык питомниктери, балык чарба-сынын башка ишканалары, мекемелери жана уюмдары. (*) (*) - башкы бухгалтерлер менен кассирлердин кызматтарынан тышкары.