КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 17-августу N 374 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Каракече" кенинде көмүр казууну кайрадан калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө "Каракече" кенинде көмүр казууну тез арада кайрадан калыбына кел-тирүү, ошондой эле ушул кенди иштетүүчү ишканаларды финансылык-экономи-калык жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Каракече" кенинде абалды турукташтыруу боюнча Нарын облусунунмамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору Ж.К.Азыловдун, На-рын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысыП.Н.Керимовдун жана "Көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директоруП.П.Рахмановдун жеткиликсиз иштери белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: - "Каракече" кенинде разрездерди басып алуу фактысы жана келтирил-ген материалдык зыяндар боюнча тартипсиздикти уюштуруучуларга каратаКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрсүн; - карьердин кызматкерлеринин коопсуздугун жана жабдуулардын сакта-лышын камсыз кылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2005-жылдын 30-ав-густуна чейин "Көмүр" мамлекеттик ишканасына көмүр тармагын өнүктүрүүүчүн 2005-жылга каралган "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча 20 млн.сом бөлүп берсин. 4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлиги Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-ги, Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы жана "Каракече" кенининкөмүр казуучу ишканалары менен бирдикте: - Дыйкан-Каракече автомобиль жолун тез арада калыбына келтирүү бо-юнча кечиктирилгис чараларды көрсүн; - оор жүктүү автотехниканы көтөрө жана эњ чоњ ташкын сууларынөткөрө алган тиешелүү көпүрөлөрү менен аталган жолду андан ары капитал-дык курууну камсыз кылсын. 5. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгына жана"Электр станциялары" ачык акционердик коомуна тапшырмага ылайык Бишкекшаарынын ТЭЦине көмүр ташуу үчүн "Көмүр" мамлекеттик ишканасына ай са-йын 7,4 млн. сом өлчөмүндө акча каражаттарын төлөп берүүнү камсыздоосунушталсын. 6. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна жана Кыргызтурак-жайкоммунсоюзга 2005-жылдын 25-августуна чейин 2004/2005-жылдын от жа-гуу сезонунда Бишкек шаарынын ТЭЦине жана Кыргызтуракжайкоммунсоюз объ-ектилерине берилген көмүр үчүн көмүр казуучу ишканаларга карыздарын жо-юу сунушталсын. 7. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы 2005-жылдын 25-ав-густуна чейин 2004/2005-жылдын от жагуу сезонунда облустун бюджеттикуюмдарына берилген көмүр үчүн көмүр казуучу ишканаларга карыздарын жой-сун. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенство, "Көмүр" мамлекеттик ишкана-сы, Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы, Нарын облусунун Жумгалрайонунун мамлекеттик администрациясы көмүр ишканаларынын жетекчилерименен бирдикте 2005-жылдын аягына чейин төмөнкү көлөмдөрдө "Каракече"кенинде көмүрдү тынымсыз казып алууну камсыз кылышсын: - "Ак-Улак разрези" МАК - 80 мињ тонна; - "Беш-Сары-К" ЖЧК -100 мињ тонна; - "Шарбон" ЖАК - 50 мињ тонна; - "Ак-Жолкөмүр" ЖЧК - 30 мињ тонна; - "Демилге Плюс ЛТД" ЖЧК - 3 мињ тонна. 9. "Ак-Улак разрези" МАКынын, "Беш-Сары-К" ЖЧКынын, "Ак-Жолкөмүр"ЖЧКынын, "Демилге Плюс ЛТД" ЖЧКынын жетекчилерине үч айлык мөөнөттө жу-мушчу комиссиялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геологияжана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенствосу жана КыргызРеспубликасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштууӨнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекци-ясы тарабынан аныкталган тартип бузууларды жоюу сунушталсын. 10. "Көмүр" мамлекеттик ишканасы "Ак-Улак разрези" мамлекеттик ак-ционердик коомун финансылык жана уюштуруучулук жакшыртуу боюнча сунуш-тарды 2005-жылдын 25-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкиргизсин. 11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салыкинспекциясы "Каракече" кенинде иштеген ишканалар тарабынан сатылганкөмүрдүн көлөмүнүн эсебин өзгөчө контролго алсын. 12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПрмьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен казыпалуу тармагы бөлүмүнө жана коргонуу жана укук коргоо органдарынын иште-ри боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткруучу Ф.Кулов