Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-ноябрындагы № 803 токтомуна ылайык күчүн жоготкон Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 26-августу № 393 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 217 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдүташууну уюштурууну тартипке салуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 217токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: бул токтомдун 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Автобус маршруттарын ачууну, бөлүштүрүүнү жана бекитүүнүтөмөнкүлөр жүргүзүшөт: - шаардык маршруттарды - тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары; - облустар ичиндеги каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаараралык маршруттарды - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника-циялар министрлигинин макулдугу боюнча тиешелүү облустук мамлекеттикадминистрациялар; - облустар аралык каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаар ара-лык маршруттарды - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация-лар министрлиги; - эл аралык каттоонун шаардын чет жакаларында жана шаар аралыкмаршруттарды - автобус маршруттары өтүүчү аймактар боюнча келишимтүзүшкөн тараптардын ыйгарым укуктуу транспорт органдары. Жол шарттарын изилдөө боюнча комиссиянын корутундусунун негизиндеавтобустун жүрүү маршрутунун схемасы төмөнкүлөргө түзүлөт, бекитилетжана берилет: - шаардык маршруттарга - Кыргыз Республикасынын Транспорт жанакоммуникациялар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясы башкармалыгынын ма-кулдугу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тара-бынан; - облустар ичиндеги каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаараралык маршруттарга - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника-циялар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-гинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясы башкармалыгынын макулдугу бо-юнча тиешелүү облустардын мамлекеттик администрациялар тарабынан; - облустар аралык каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаар ара-лык маршруттарга - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигининМамлекеттик автомобиль инспекциясы башкармалыгынын макулдугу боюнчаКыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тара-бынан; - эл аралык каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаар аралыкмаршруттарга - автобус маршруттары өтүүчү аймактар боюнча мамлекеттер-дин ыйгарым укуктуу транспорт органдары тарабынан. Автобустун жүрүү маршрутунун схемасы нормативдик укуктук актыдабелгиленген тартипте Операторго берилет. Ушул маршрут боюнча жол шарт-тарына байланыштуу автобустардын жүрүшү өзгөргөн учурда маршруттун схе-масы жалпы негиздерде каралат жана берилет. Автобустардын жүрүү расписаниелери жүргүнчүлөр транспортунун иште-рин уюштуруунун негизи жана ташуучу процесстин бардык катышуучуларынынаткаруулары үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет жана аны төмөнкүлөр иш-теп чыгат жана бекитет: - шаардык маршруттар үчүн - Кыргыз Республикасынын Транспорт жанакоммуникациялар министрлигинин макулдугу боюнча тиешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары; - облустар ичиндеги каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаараралык маршруттары үчүн - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комму-никациялар министрлигинин макулдугу боюнча тиешелүү облустун мамлекет-тик администрациялар; - облустар аралык каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаар ара-лык маршруттары үчүн - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника-циялар министрлиги; - эл аралык каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаар аралыкмаршруттар үчүн - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлиги жана автобус маршруттары өтүүчү аймактар боюнча мамлекет-тердин ыйгарым укуктуу транспорт органдары менен макулдашылат. Жүргүнчүлөрдү тейлөө жана шаардын чет жакаларына жана шаар аралыкмаршруттарга автобустарды жөнөтүү Кыргыз Республикасынын Транспорт жанакоммуникациялар министрлиги тарабынан аныкталган Станциялык курулмалараркылуу билеттик система боюнча жүргүзүлүүгө тийиш; - бир юридикалык жакка Оперотордун жана Станциялык курулмалардынфункцияларын аткарууга жол берилбейт; - Станциялык курулмаларды долборлоого, курууга же көчүрүүгө КыргызРеспубликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Кыр-гыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобильинспекциясы башкармалыгынын макулдугусуз жол берилбейт.". Премьер-министрдин милдетин аткруучу Ф.Кулов