Редакцияот 01.09.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 1-сентябрындагы № 395                  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ             "Мамлекеттер аралык лизинг жөнүндө конвенцияны           ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын                     Мыйзам долбоору жөнүндө      Мамлекеттер аралык лизинг жөнүндө конвенциянын 18-статьясына ылайыкмамлекет  ичиндеги  жол-жоболорду  аткаруу    максатында   жана  "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз  Республика-сынын  укуктук  нормативдик  актылары  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:      1. "Мамлекеттер  аралык  лизинг  жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.     2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна жиберилсин.     3. Кыргыз  Республикасынын   экономикалык өнүктүрүү, өнөр  жай жана соода министри  аталган мыйзам  долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши  караган  учурда  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.       Премьер-министрдин     милдетин аткаруучу                             Ф.Кулов