Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-сентябры № 406 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Франция Республиксасындагы Соода окүлчүлүгүн түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Франция Республикасынын соодалык-экономикалык байланыштарын өркүндөтүү, экспорттук-импорттукоперацияларды кењейтүү, тышкы экономикалык ишти жана өз ара пайдалуукызматташтыкты активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Соодаокүлчүлүгү өзүн өзү каржылоо шартында түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жанасоода министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинемакулдашуу боюнча Кыргыз Республикасымын Өкмөтүнө КыргызРеспубликасынын Франция Республикасындагы соода өкүлүн дайындоожөнүндө сунуш кириргизсин. 3. Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Соодаөкүлчүлүгү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13октябрындагы № 636 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын четөлкөдөгү соода өкүлчөлүктөрү жөнүндө жобого таянат. Премьер-министр Ф.Кулов