Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 15-сентябры N 432 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик кошуундарынын катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлерди запаска бошотуу, ошондой эле 2005-жылдын октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматка кезектеги чакыруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга тиешелүү аскердикмилдети жөнүндө" жана "Альтернативалык (аскердик эмес) кызмат өтөөжөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу үчүн жана КыргызРеспубликасынын Президентинин 2005-жылдын 19-августундагы N 332 "КыргызРеспубликасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүнкатарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтынбелгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердикэмес) кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2005-жылдын ок-тябрь-декабрында жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскердикэмес) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2005-жылдын октябрь-декабрында Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрүнүн жана башка аскердик кошуундарынын катарынан анык аскердикжана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөпбүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлери за-паска бошотулушсун. 2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 2005-жылдын ок-тябрь-декабрында чакырылган күнгө карата 18 жашка толгон, чакырылуусунсоздуктурууга укугу жок жарандарды, ошондой эле чакыруу курагынан улуу,чакырууну кийинкиге калтыруу укугу бүткөн адамдарды Кыргыз Республика-сынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик кошуундарына, ошондой элеКыргыз Республикасынын министрликтеринде жана администрациялык ведомс-тволорунда, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда альтернативдик (ас-кердик эмес) кызмат өтөөгө чакырууну уюштурсун. 3. Чакырууну кийинкиге калтыруу мөөнөтү бүткөн же түрдүү себептерменен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө белгиленген мөөнөттөчакырылбай калган, чакырылуучу улуу курактагы жарандар анык аскер кыз-матына биринчи кезекте чакырылууга тийиш экендиги белгиленсин. 4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарынын башчылары жарандарды анык аскердик жанаальтернативдик (аскердик эмес) кызматка чакырууну жүргүзүү үчүн: - облустарда, райондордо (шаарларда) чакыруу комиссияларынтүзүшүп, аларды медициналык кароодон өткөрүү үчүн зарыл болгон медици-налык куралдар жана аспаптар менен жабдылган чакыруу (чогултуу) пунк-ттары менен камсыз кылышсын; - жарандардын чакыруу пункттарына уюшкандыкта келишин камсыз кылуучараларын көрүшсүн; - чакыруу комиссияларынын иштешин камсыз кылуу үчүн автотранспорт,техникалык кызматкерлерди жана тейлөө кызматчыларын бөлүп беришсин; - төмөнкүлөр үчүн зарыл акча каражаттарын бөлүп беришсин: канцеляриялык товарларды сатып алууга (бланк продукцияны даярдоо-го), чакыруу участкаларында, республикалык жана облустук чогултуу пунк-ттарында чакырылгандардын тиричилигин, тамактануусун, бош убакыттыөткөрүүсүн уюштурууга; чакыруу комиссиялары жиберген чакырылгандарды медициналык тек-шерүүгө жана дарылоого; чакырылгандарды чакыруу участкаларына жана чогултуу пункттарыначейин жеткирүүгө; республикалык жана облустык чогултуу пункттарынын коммуналдык кыз-матына акы төлөөгө; - техникалык кызматкерлерди жана автотранспорт берилбеген учурдааскер комиссариаттарынын техникалык кызматкерлерди күтүшү жана транс-порт кызматтарына акы төлөшү үчүн керектүү акча каражатын жергиликтүүбюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүүнү карашсын; чакыруу участокторунда, чогултуу пункттарында жана чакырылуучулар-ды салтанаттуу узаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылыш-сын. 5. Тиркелген: Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы; Республикалык чакыруу комиссиясынын резервдик курамы бекитилсин. 6. Республикалык чакыруу комиссиясына төмөнкүлөр жүктөлсүн: - чакырууну кийинкиге калтыруунун жана чакыруудан бошотуунун,ошондой эле альтернативдик (аскердик эмес) кызматка жиберүү жөнүндө че-чимдерди кабыл алуунун тууралыгын текшерүү; - чакырылгандарды тажрыйбасын, жөндөмүн жана жеке мүмкүнчүлүктөрүнэске алуу менен аскердик-адистик жолдоонун негизделишин контролдоо; - жарандардын райондук (шаардык) жана облустук чакыруу комиссияла-рынын иштери боюнча даттанууларын кароо. 7. Чакыруу комиссияларынын мүчөлөрүнүн, врачтардын, техникалыккызматкерлердин жана тейлөө кызматындагы адамдардын иштеген мезгилиндеалардын негизги иштеген жериндеги орточо эмгек акылары сакталаары бел-гиленсин. 8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги: - чакырылгандарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн квалификация-луу адис врачтарды жана орто медициналык кызматкерлерди зарыл сандабөлүп берсин; - ден соолугунун абалы кошумча изилдөөнү талап кылган чакырылуучу-ларды дарылоо-алдын алуу мекемелеринде кезексиз стационардык (амбулато-риялык) текшерүүнү жана дарылоону камсыз кылсын. 9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги райондук (шаар-дык) аскер комиссариаттарына жарандарды анык аскердик жана альтернатив-дик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакыруу жүргүзүүгө, анык аскердик жа-на альтернативдик (аскердик змес) кызматка чакыруудан качып жүргөнадамдарды издеп табууну уюштурууга, ошондой эле аларды Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга жардам жана көмөккөрсөтсүн. 10. Кыргыз Республикасынын жарандарын анык аскердик жана альтерна-тивдик (аскердик эмес) кызматка чакырууну контролдоо Кыргыз Республика-сынын Коргоо министрлигине тапшырылсын. 11. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарыныништери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы N 432 токтому менен бекитилген Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы Шопоков С.А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш- кы штабынын Уюштуруу-мобилизация башкы башкар- малыгынын аскерлерди чакыруу жана комплектилөө башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрага- сы. комиссия мүчөлөрү: Айдаров Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын коргонуу жана укук коргоо органдары- нын иштери боюнча бөлүм башчысынын орун басары; Каримов Р.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги- нин ички аскеринин медициналык кызматынын на- чальниги; Эркегулов Ш.Э. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми- нистрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана лицензиялоо боюнча башкы башкармалыгынын алгач- кы медициналык-санитардык жардам бөлүмүнүн на- чальниги; Ташбаев А.А. - Чүй облустук мамлекеттик администрациянын укук коргоо органдары жана коргонуу секторунун баш- чысы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы N 432 токтому менен бекитилген Республикалык чакыруу комиссиясынын резервдик курамы Иманалиев Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш- кы штабынын Уюштуруу-мобилизациялык башкы баш- кармалыгынын аскерлерди чакыруу жана комплек- тилөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары - бөлүм начальниги, комиссиянын төрагасы. комиссия мүчөлөрү: Асанходжаев Р.Г. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын коргонуу жана укук коргоо органдары- нын иштери боюнча бөлүмүнүн эксперти; Салимжанов З.З. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги- нин күжүрмөн кызмат башкармалыгынын начальниги- нин орун басары - ички аскер штабынын кадрлар, комплектилөө жана жана өздүк курамды эсепке алуу кызматынын начальниги; Шахнабиев М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми- нистрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана лицензиялоо боюнча башкы башкармалыгынын башкы адиси; Орозбаков А.Э. - Чүй облустук мамлекеттик администрациянын укук коргоо органдары жана коргонуу секторунун же- тектөөчү адиси.