Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 15-сентябрындагы № 433 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ БУУнун Биологиялык түрдүүлүк жөнүндө конвенциясына Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколун ишке ашыруу тууралуу БУУнун Биологиялык түрдүүлүк жөнүндө конвенциясына Биологиялыккоопсуздук боюнча Картахен протоколуна карата эл аралыкмилдеттенмелерди Кыргыз Республикасынын аткарышы максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдарминистрлиги Кыргыз Республикасынын БУУнун Биологиялык түрдүүлүкжөнүндө конвенциясына Биологиялык коопсуздук боюнча Картахенпротоколунун талаптарын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынынаткаруучу агентствосу болуп аныкталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдарминистрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматыкызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте БУУнунБиологиялык түрдүүлүк жөнүндө конвенциясына Биологиялык коопсуздукбоюнча Картахен Протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын биологиялыккоопсуздук боюнча нормативдик укуктук базасын иштеп чыгышсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов