Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2017-жылдын 17-майындагы N 294
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 15-сентябрындагы № 436 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Төрөлүү, никеге туруу, никени бузуу, бала (кыз) асырап алуу, аталыкты аныктоо, өлгөндүгү жөнүндө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу гербдүү күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төрөлүү, никеге туруу, никени бузуу, бала (кыз) асырап алуу,аталыкты аныктоо, өлгөндүгү жөнүндө, фамилиясын, атын, атасынын атынөзгөртүү тууралуу гербдүү күбөлүктөрдүн тиркелген үлгүлөрү бекитилсин. 2. "Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан берилүүчүгербдүү күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн жана юридикалык жактарды, алардынфилиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн каттоодо (кайра каттоодо) берилүүчүкүбөлүктөрдүн үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 1998-жылдын 3-августундагы № 511
токтомуна төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин: - 1-пункттун экинчи абзацы алып салынсын; - жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген үлгүлөр күчүнжоготту деп табылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте: - жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын, ошондой элежарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыздардынформаларынын үлгүлөрүн жана аларды толтуруу тартибин бекитсин; - жогоруда саналган күбөлүктөрдүн бланктарын даярдасын. Премьер-министр Ф.Кулов