Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15 - сентябрындагы №437
токтому менен бекитилген ЖОБО Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө Бул Жобо мамлекеттик жана мамлекеттик эмес лотереяларды уюштуруудажана өткөрүүдө келип чыгуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуунунукуктук негизин аныктайт жана лотереялардын милдеттүү нормативдерин,аларды уюштурууга жана өткөрүүгө контролдукту жүзөгө ашыруунунтартибин, ошондой эле лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуучуадамдардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт. 1. Негизги түшүнүктөр Лотереялык иш - иштин товарларды (жумуштарды жана кызматтарды)сатыпөткөрүү болуп эсептелбеген, лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгөбайланыштуу өз алдынча түрү. Лотерея - ыктыярдуу түрдө тобу менен же массалык түрдө ойнолуучуоюн, анын жүрүшүндө лотереяны уюштуруучу лотереяга катышкандардынортосунда лотереянын жалпыга жарыяланган шарттарына ылайык сыйлыкфондун ойнотууну жүргүзөт. Мында лотереялык белетке утуштун туш болушутаза кокустук иш болуп эсептелет жана эч ким алдын ала карашы мүмкүнэмес. Лотереялык белет - таратуу үчүн атайын даярдалган маалымат булагы желотереянын ойноо системасы менен белгиленген жана адамдын өткөрүлүпжаткан лотереяга катышуу жана ушул белет уткан учурда утушту алууукугун күбөлөндүргөн жеке идентификациялык номер (код). Лотереяны уюштуруучу - Кыргыз Республикасында катталган, лотереяөткөрүүгө укук берген күбөлүгү бар, финансылык-чарбалык иштиннатыйжаларын камсыз кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жоопкерчилик тартуучу юридикалык жак. Лотереяга катышуучу - лотереянын сыйлык фондун ойнотууга катышуугаукук берген лотереялык белетке менчик ээсинин укугунда ээ болгон адам. Лотереянын дүњ көлөмү - лотереялык белеттерди номиналдуу баасындасатуудан алынган акчалай каражаттардын жалпы суммасы. Утуш - лотереялык белетке утуштун туура келишинин фактысы же болбосолотереялык белет боюнча утулуп алынган жана утуп алган лотереялыкбелеттен ээси болгон айкын катышуучунун менчигине өткөнбаалуулук. Лотереядан түшкөн киреше - лотереянын дүњ көлөмү,мындан лотереяныншартында аныкталган сыйлык фондунун өлчөмү чыгарылып салынат. Байге фондусу - лотереянын оюндук планына ылайык утуштарды төлөпберүү (берүү) үчүн арналган, лотереяны өткөрүүнүн шарттарындабелгиленгек акчалай каражаттардын же мүлктүн суммасы. Дароо ойнолуучу (тиражсыз) лотерея - бул лотереяны өткөрүүдөлотереялык белеттин ээси аны сатып алгандан кийин эле лотереялыкбелеттин утаарын же утпасын түздөн-түз аныктай алуучу лотерея. Тираждуу лотерея - бул лотереяны өткөрүүдө лотереялык белеттин ээсилотереялык белеттин утаарын же утпасын тиешелүү тираж ойнотулганданкийин гана аныктай алуучу лотерея. Комбинацияланган лотерея - бул лотереяны өткөрүүдө ута турганлотереялык белеттер аларды сатып алгандан кийин түздөн-түз да, ошондойэле лотереянын сыйлык фонду ойнотулгандан кийин да аныкталуучулотерея. Лотереянын тиражын ойнотуу - бул өзүнчө бир процесс, анын жүрүшүндөлотереянын уткан номерлери аныкталат жана ойнотулган тираждын утканкатышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон сыйлыкфондусунун үлүшүнүн өлчөмү аныкталат. Атайын эсеп - лотереялык компаниялардын каражаттарын түзүү үчүнарналган эсеп, алар республикалык бюджетке тиешелүү төлөмдөртөлөнбөгөн учурда жарым-жартылай кепилдик болуп саналат. Лотерея өткөрүү токтотулган жана жана бюджеттин алдында карыз жокболгон учурда бул каражаттар лотереяны уюштуруучулар тарабынанкайтарылып берилет. 2.Лотереялардын атайын түрлөрү 1.Электрондук лотерея (мындан ары - лотерея) - оюн, анда төмөндөсаналып өткөн бир же бир нече белгилер пайдаланылат: - катышуучулардын ставкаларын жана болжолдорун белгилөө маалыматтыэсинде сактоочу же аны каттоо үчүн башкы компьютерге жиберүүчүэлектрондук түзүлүштөрдүн жардамы менен жүргүзүлөт; - оюндун маалыматы ойнотууга катышуу үчүн байланыштын атайынканалдары аркылуу башкы маалымат борборуна жиберилет; - ставкаларды жана оюнга тиешелүү башка маалыматты эсепке алуу,ошондой эле байгелердин структурасы жана алардын ойнолушу программалыккаражаттардын жардамы аркылуу электрондук түзүлүш менен жүргүзүлөт. 2. Электрондук лотереялык түзүлүш (терминал) - атайын түзүлүш(жабдуу), анын жардамы менен оюнчулардын ставкаларын андан ары жер-жерлерде ойнотууга катыштыруу же ставкаларды башкы маалымат борборунаберүү үчүн оюнчулардын ставкаларын кабыл алуу жана сактоо мүмкүнболот. 3. Лотереяны уюштуруучу ойнотууларды өткөрүүнүн системасы,жабдуулары жана ыкмалары лотереянын шартарында баяндалган талаптаргаылайык пайдаланыла жана иштей тургандыгьшын кепилдигин алууга жанамамлекеттик каттоочу органга программалык камсыз кылууга, техникалыкжабдууларга жана байланыш каражаттарына, ошого тете лотереяныуюштуруучу тарабынан пайдаланылган маалыматка, документтерге жанабашкаларга мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш. 4. Интерактивдүү лотерея - бул байланыштын интеллекттик телефондукже компьютердик тармагы (интернет) пайдаланылган электрондук лотерея,аны өткөрүү процессинде оюнчулар атайын бөлүнгөн телефон номерлери жеэлектрондук почта боюнча теле студияга же лотереяны уюштурган фирмагателефон чалуу аркылуу ставкаларды коюшат, мында оюнчу тарабынан оюнгакатышуу байланыш кызматы катары төлөнөт жана эсеп боюнча акы төлөөүчүн телефондук компания тарабынан белгиленет же болбосо банкта эсепачуу же катышуучунун жеке колу бар карточкасын сатып алуу жолу мененавансылык төлөм аркылуу төлөнөт. 5. Интерактивдүү лотереяларды каттоо медиа кызматтарды көрсөткөнуюштуруучулар жана фирмалар тарабынан жагымдуулуктун, адеп-ахлактынжана мыйзамдуулуктун принциптери сакталганда гана жүзөгө ашырылат. 6. Түрткү берүүчү лотерея - уюштуруучу тарабынан бир белгидегикатышуучулардын чектелген саны үчүн (фирманын кардарлары, басылмаларгажазылгандар жана башкалар)жарнамалык жана башка максаттардаөткөрүлүүчү лотерея, мында ага катышуу атайын белетти сатып алууну жебайланыш кызматына акы төлөөнү талап кылбайт. 7. Түрткү берүүчү лотерея, эреже катары, товарларды же кызматтардысатууга түрткү берүүгө багытталат жана маркетингдик иштин бир түрүболуп саналат. Мындай лотереяга катышуу көпчүлүк учурда кандайдыр биртоварды же кызматты сатып алуу менен байланыштуу болот. Оюнчунунушундай лотереянын эрежесинде белгиленген шартарды аткарышы, жеболбосо товарда (анын ичинде гезитте, журналда, коштомо документте,атайын каттамаларда, дүмүрчөктөрдө ж.б.) оюнга тиешелүү маалыматтынболушу лотереяны уюштурган юридикалык жактын администрациясы жанакандайдыр бир ыкма менен товарды же кызматты сатып апган алганкардардын ортосунда жарыяланган байгелерди ойнотууга (тиражга) катышуужаатында укуктук мамилелердин пайда болушу үчүн негиз болуп саналат. 8. Жалпыга белгилүү лотереялык белеттер же тираждуу жана дарооойнолуучу лотереялардын ойнолуучу купондору сыяктуу оюн маалыматынынбулактары да, ошондой эле ар кандай түрдөгү кирүү белетгери,дүмүрчөктөр, айрылма купондор, каттамалар, коштомо документтердиннускалары, тањгак, тањгактын же буюмдун эн тамгасы түрткү берүүчүлотереянын белети болушу мүмкүн. Түрткү берүүчү лотереяга катышуу үчүн акы төлөө, эреже катары,өзүнчө алынбайт, ал сатылуучу товардын же кызматтын наркынакиргизилет. 9. Товардын нускасында (анын ичинде гезитте, журналда, кызматкөрсөтүү үчүн дүмүрчөктө жана башкаларда) лотерея өткөрүүнүн шартынаылайык келген оюнга тиешелүү маалыматтын болушу аларды шарттуулотереялык белеттер катары кароо үчүн жетиштүү негиз болуп саналат. 10. Эгерде катточу орган юридикалык жак тарабынан өткөрүлгөнмаркетингдик, жарнамалык же башка иш-чарада түрткү берүүчү лотереяныөткөрүүнүн кандайдыр бир так белгилерин аныктаса, анда аталган иш-чаранын лотереялык элементтеринин жыйындысы аны уюштуруучулардын ушулмаселе боюнча ээлеген позициясына карабастан түрткү берүүчү лотереядеп табылат. 11. Түрткү берүүчү лотереянын байге фондусу лотереяны уюштуруучутарабынан өзүнүн алдында турган милдеттерине жана финансылыкмүмкүнчүлүктөрүнө жараша анын жеке каражаттарынан түзүлөт. 3. Өткөрүлүшү чектелген лотереялар 12. Мамлекеттик лотерея - мамлекет атайын түзүлгөн органдын(юридикалык жактын) атынан уюштуруучу катары чыккан лотерея.Мамлекеттик лотереяны өткөрүүдөн түшкөн, милдеттүү төлөмдөрдөн башкабардык каражаттар мамлекеттин менчиги болуп саналат жана республикалыкбюджетке түшөт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилгенпрограммаларга максаттуу түрдө чыгымдалат. 13. Мамлекеттик лотереялар Кыргыз Республикасынын республикалыкбюджетинин кирешелерин толуктоо, билим берүүнү, дене тарбиясын жанаспортту, саламаттык сактоону, маданиятты, илимди, калкты социалдыккоргоону, айлана-чөйрөнү жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоону жанареспубликалык башка программаларды максаттуу каржылоо максатындаөткөрүлөт. 14. Мамлекеттик лотереяларды өткөрүүнү Кыргыз Республикасындалотереялык ишти жөнгө салуучу мамлекеттик каттоочу орган тарабынанкаралган пландарга, нормативдерге жана мөөнөттөргө ылайык мамлекеттикишкана жүзөгө ашырат. 15. Мамлекеттик лотереяларды өткөрүү боюнча мамлекеттик ишкананынжобосун жана уюштуруу документтерин мамлекеттик каттоочу органбекитет. 16. Мамлекеттик лотереяларды өткөрүү боюнча мамлекеттик ишкананындиректору мамлекеттик каттоочу органдын жетекчисинин буйругу менендайындалат. 17. Мамлекеттер аралык лотерея - эки же андан ашык мамлекеттинаймагында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнчаКыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү лотерея. 18. Мамлекеттер аралык лотереяларды өткөрүү жөнүндө чечиммамлекеттик каттоочу органдын сунушу боюнча Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү тарабынан кабыл алынат. 19. Кыргыз Республикасында мамлекеттер аралык лотереяларды өткөрүүнүмамлекеттик ишкана жүзөгө ашырат. 20. Мамлекеттер аралык лотереяларды өткөрүүгө контролдуктумамлекеттик каттоочу орган түздөн-түз жүзөгө ашырат. 4. Мамлекеттик каттоочу органдын функциялары 21. Кыргыз Республикасынын лотереялык иш чөйрөсүндө жарандардын,лотереяларды уюштуруучулардын жана мамлекеттин укуктарын жанаталамдарын жөнгө салууну, коргоону камсыз кылууну КыргызРеспубликасынын Финансы министрлиги жүзөгө ашырат, ал мамлекеттиккаттоочу орган болуп саналат. 22. Мамлекеттик каттоочу орган өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайыктөмөндөгүдөй функцияларды аткарат: - лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекекттик саясаттыжүргүзөт; - мамлекеттик лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнчачечимдерди кабыл алат; - Кыргыз Республикасында лотереялык ишти каттоону жүзөгө ашырат; - лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө карата нормативдерди жанаталаптарды иштеп чыгат; - лотереяларды уюштуруучулар тарабынан шарттардын жана катгооталаптарынын сакталышына контролдук жүргүзөт;- лотереялык иш маселелери боюнча консультацияларды берет. 5. Каттоо жана лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктү берүүнүншарттары 23. Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлгөн лотереялар алардынтибине жана түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигинде катталууга тийиш. 24. Колдонуудагы Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындакаттоодон өтпөстөн туруп, лотереяларды өткөрүүгө тыюу салынат. 25. Лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктү алуу үчүн арыз берүүчүмамлекеттик каттоочу органга кайрылып, зарыл болгон консультациялардыжана билдирилген предметке ылайык келген зарыл документтердин типтүүтизмесин алат. 26. Лотереяны уюштуруучу толтурулган билдирмени, типтүү тизмедекаралган зарыл документтерди мамлекеттик каттоочу органга берет. 27. Мамлекеттик каттоочу орган берилген документтерди отуз жумушчукүнүнүн ичинде экспертизадан өткөрөт жана анын негизинде лотереяныкаттайт жана лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктү берет же болбособаш тартуунун себептерин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө каттоодон жанакүбөлүк берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартуу билдирет. 28. Мамлекеттик каттоочу орган лотереяларды уюштуруучу тарабынанберилген документтерди кошумча карап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алуугаукуктуу. 29.Төмөндөгү учурларда: - берилген документтерди кароодо талаш маселелер болсо; - лотереяны уюштуруучуга лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүкберүүдөн баш тартылганда, лотерея өткөрүүчүнүн тиешелүү талабы болсо; - Мамлекеттик каттоочу органдын талабы боюнча документтер толукталыпиштелип чыкса жана лотереяны уюштуруучу тарабынан берилген документтерэкинчи жолу берилсе, мамлекеттик каттоочу орган тарабынан кошумчакарап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн. 30. Кошумча кароо жүргүзүлгөн учурда лотерея өткөрүүгө укук бергенкүбөлүктү берүү жөнүндө чечим мамлекеттик каттоочу орган тарабынан 15күндүк мөөнөттө кабыл алынат. 31. Лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүк билдирилген лотереяныөткөрүүнүн мөөнөтүнө (мезгилине) берилет. 32. Лотереяны уюштуруучу тарабынан лотерея өткөрүүгө укук бергенкүбөлүктү башка юридикалык жана (же) жеке жактарга берүүгө жана аныушул адамдардын пайдаланышына тыюу салынат. 33. Лотереяны уюштуруучу кайра уюштурулган, анын аталышы жана (же)юридикалык дареги өзгөргөн, ошондой эле лотерея өткөрүүгө укук бергенкүбөлүк жоголгон учурда лотереяны уюштуруучу 10 күндүк мөөнөттөлотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктү кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө же анын колдонулушун токтотуу тууралуу арызберүүгө милдеттүү. 34. Лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктү кайра жол-жоболоштурууушул Жободо каралган тартипте жүзөгө ашырылат. 35. Лотереяны уюштуруучу мамлекеттик каттоочу органга типтүү тизмедекаралган документтерди берет. 36. Типтүү тизме төмөндөгү документтерди: - лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүк берүү тууралуу белгиленгенүлгүдөгү арызды; - лотереяны уюштуруучунун уюштуруу документтеринин нотариаттакүбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн; - юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөкүбөлүктүн көчүрмөсүн; - салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу взносторун төлөөчүнүнидентификациялык кодунун ыйгарылышын ырастаган документтердинкөчүрмөлөрүн; - лотереялык иш жүргүзгөн уюмдун Кыргыз Республикасынын салыкорганынын белгиси коюлган өткөн отчеттук мезгил (жыл, квартал) үчүнбухгалтердик балансын; - анын аталган мезгилдеги финансылык ишинин натыйжалары жөнүндөотчетту; - лотереяны уюштуруучуну акыркы аудитордук текшерүүнүн же аны салыкорганы тарабынан текшерүүнүн актысынын көчүрмөсүн;- лотерея өткөрүүнүн шартын;- бизнес-планды камтыйт. 37. Алгачкы жолу лотереялык иш жүргүзүүнү болжолдоп жаткан уюм 36-пункттун 5, 6 жана 7-абзацтарында көрсөтүлгөн документтерди берүүдөнбошотулат. 38. Лотереянын шартында:- лотереянын аталышы;- лотереянын түрүнүн жана тибинин баяндамасы;- лотереяны өткөрүү мөөөнөтү;- лотереяга катышуунун эрежелери;- белеттердин (ставкалардын) баасы;- байге фондусун түзүүнүн тартиби, анын старуктурасы жана көлөмү;- байге фондусун утуштар боюнча бөлүштүрүү;- утуштарды ойнотуунун тартиби;- утуштарды алуунун тартиби камтылууга тийиш. 39. Лотереяны уюштуруучу лотереянын шарттарына лотереяны уюштуруунунжана өткөрүүнүн технологиясын кыйла толук ачып берген маалымат менентолуктап турууга укуктуу. 40. Лотереянын шарттарына башка лотерея катары квалификацияланышымүмкүн болгон толуктоолор киргизилгенде, лотереяны уюштуруучу ушулшарттарды бөлүп көрсөтүүгө жана аларды жањы лотерея катары катоодонөткөрүүгө милдетгүү. 41. Арыз берген уюм лотереянын төмөндөгү үч стадиясындагы финансылыкабалын мүнөздөгөн толук экономикалык эсептөөлөрдү берүүгө тийиш: - чыгаруунун алдында - баштапкы инвестициялар, уюштуруу мезгилиндегичыгымдар, кредиттөөнүн өлчөмдөрү жана шарттары, лотереянын активдеринтүзүү;- чыгаруу жана эсептик көрсөткүчтөргө чыгуу;- лотереянын пландаштырылган дењгээли жана өнүгүү тенденциясы. 42. Бизнес-план: - баяндоочу бөлүктү - рыноктун абалын, маркетингдик жана башкаизилдөөлөрдүн натыйжаларын, мүмкүн болуучу тобокелдерди жанатенденцияларды, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун негиздерин; - эсептик бөлүктү - инвестициялык жана кредиттик пландарды,пайдаларды - зыян тартууларды, финансылык көрсөткүчтөрдү, салыктардыжана дивиденддерди төлөөнү;- графикалык бөлүктү - диаграммаларды жана графиктерди камтыйт. 43. Арыз берген уюм берилген бизнес-план жөнүндө аудитордуккомпаниянын корутундусун, эксперттик корутундуларды, кепилдиктерди,келишимдерди жана лотереяны өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө чечимгетаасир тийгизе турган башка документтерди бериши мүмкүн. 44. Лотереялык белетте: - лотереянын аталышы; - логотиби; - лотереяны уюштуруучунун почталык (юридикапык) дареги; - ойнотууну өткөрүү шарттары; - лотерея өткөрүү укугуна күбөлүк берген органдын атылышы; - лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктүн номери жана анын берилгендатасы; - тираждын номери жана өткөрүлүүчү датасы; - белеттин баасы көрсөтүлүүгө тийиш. 45. Лотереялык белеттер сактоонун кеминде 6(алты) даражасына ээболууга тийиш, алардын тизмеси колдонулган технологияларга жарашаөзгөрүп турушу мүмкүн. 6. Лотерея өткөрүү укугуна күбөлүк берүүдөн баш тартуу 46. Төмөндөгү учурларда: - документтердин зарыл болгон тизмеси берилбесе; - лотереяны уюштуруучу тарабынан берилген документтерколдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык келбесе; - лотереяны уюштуруучу тарабынан берилген документтерде так эмесжана бурмаланган маалымат болсо, лотерея өткөрүү укугуна күбөлүкберүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат. 47. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лотерея өткөрүүукугуна күбөлүк берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганучурда, аталган чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде баштартуунун жүйөлүү негиздемеси менен лотереяны уюштуруучуга жазуужүзүндө тиешелүү билдирүү жиберилет. 48. Лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктү берүүдөн баш тартууКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышымүмкүн. 7. Лотерея өткерүүгө укук берген күбөлүктү колдонуунун шарттарынсактоого контролдук 49. Лотереяны уюштуруучу тарабынан лотерея өткөрүүгө укук бергенкүбөлүктү колдонуунун шарттарынын сакталышына контролдук мамлекеттиккаттоочу орган тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу жүзөгөашырылат. 50. Лотереяны уюштуруучу өзүнүн ишин мамлекеттик каттоочу органтекшерип жатканда бардык талап кылынган документтерди берүүгө, ошондойэле өзүнүн ишинин маселелери боюнча тиешелүү түшүнүктөрдү берүүгөмилдеттүү. 8. Лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктүн колдонулушун токтототуруу 51 .Мамлекеттик катгоочу орган төмөндөгү учурларда: - лотереяны уюштуруучу тарабынан мамлекеттик каттоочу органгалотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктүн колдонулушун токтото туруужөнүндө арыз берилгенде; - лотереяны уюштуруучу тарабынан мамлекеттик каттоочу органга такэмес маалымат берилгенде; - лотереяны уюштуруучу тарабынан лотерея өткөрүүгө укук бергенкүбөлүктүн колдонулуш шарттары бир нече жолу (күбөлүк колдонулганмөөнөттүн ичинде 2ден ашык) бузулганда; - лотереяны уюштуруучу тарабынан мамлекеттик каттоочу органдынтескемелери же буйруктары бузулганда же аткарылбаганда; - тиешелүү төлөмдөр бир айдан ашык мөөнөттө бюджетке өз убагындатөлөнбөгөндө, лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктин колдонулушукарыздар толук көлөмдө тындырылганга чейин токтотула турушу мүмкүн; - утуштарды (байгелерди) өз убагында төлөп берүү боюнчамилдеттенмелер аткарылбаганда; - соттун чечими боюнча мамлекеттик каттоочу орган лотерея өткөрүүгөукук берген күбөлүктүн колдонулушун токтото турууга укуктуу. 52. Мамлекеттик каттоочу орган лотерея өткөрүүгө укук бергенкүбөлүктүн колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынганкүндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аталган чечим тууралуулотереяны уюштуруучуга жазуу жүзүндө кабарлайт. 53. Лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктүн колдонулушун токтототурууга алып келген жагдайлар өзгөргөндө, лотереяны уюштуруучунунарызы боюнча анын колдонулушу улантылышы мүмкүн. 54. Мамлекеттик каттоочу орган тарабынан тиешелүү чечим кабылалынгандан кийин лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктүн колдонулушуулантылды деп эсептелет. Мамлекеттик каттоочу орган үч жумушчу күндүничинде бул чечим тууралуу лотереяны уюштуруучуга кабарлоого тийиш. 9. Лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктү кайра алуу 55. Төмөндөгү учурларда: - лотереяны уюштуруучу тарабынан мамлекеттик каттоочу органгалотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктү жокко чыгаруу жөнүндө арызберилгенде; - лотереяны уюштуруучу тарабынан мамлекеттик каттоочу органдынтескемелери бир нече жолу бузулганда же аткарылбаганда; - катары менен үч ай бою тиешелүү төлөмдөр республикалык бюджеткетөлөнбөгөндө; - лотереяны уюштуруучу тарабынан катары менен үч ай бою иш жүргүзүүжүзөгө ашырылбаганда;- лотереяны уюштуруучу юридикалык катары жоюлганда; - соттун чечими боюнча мамлекеттик катоочу орган лотерея өткөрүүгөукук берген күбөлүктү кайра алып коюга укуктуу. 56. Мамлекеттик каттоочу орган лотерея өткөрүүгө укук бергенкүбөлүктү кайра алып коюу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып үчжумушчу күндүн ичинде лотереяны уюштуруучуга ушул чечим тууралуу жазуужүзүндө кабарлайт. 57. Лотереяны уюштуруучу юридикалык жак катары жоюлган учурдалотерея өткөрүү укугуна мурда берилген күбөлүк мамлекеттик каттоочуорганга кайтарылууга жана жокко чыгарылууга тийиш. 10. Лотереянын жарнамалык кампаниясын өткөрүүгө карата коюлуучуталаптар 58. Айкын лотереяны өткөрүү боюнча жарнамалык кампания лотереяөткөрүүгө укук берген күбөлүк алынгандан кийин гана башталууга тийиш.Ушул Жобону бузгандык үчүн жоопкерчиликти лотереяны уюштуруучу тартат. 59. Лотереянын аяктаган, тыюу салынган же токтотула турганжарнамалык кампаниясы тиешелүү түрдө токтотулууга же токтотула туруугатийиш. 60. Лотереянын жарнамасы аны өткөрүүнүн шарттарын бурмалабооготийиш. 61. Жарнамалык материалдар мамлекеттик жана расмий тилдердежайылтылат. Бул талап катталган товардык белгилерине (тейлөөбелгилерине) жайылтылбайт. 62. Лотереялардын жана лотереялык иштердин субъектилерининжарнамалык кампаниясын өткөрүү лотереялык иш болуп эсептелбейт. 11. Лотереяларды сатып өткөрүү 63. Лотереялык белеттерди сатып өткөрүүнүн тартиби аларды сатыпалуунун абсолюттук ыктыярдуулугунун принцибине негизделет. 64. Кыргыз Республикасында катталган лотереялык белеттерди сатыпөткөрүүнүн төмөндөгүдөй тартиби жана эрежеси белгиленет:- адистештирилген күркөлөрдүн системасы аркылуу;- жеке таратуучулар аркылуу;- автоматташтырылган атайын жабдуулар (диспенсерлер) аркылуу; - телекоммуникациянын жеке каражаттары аркылуу (телефон, Интернет)сатып өткөрүлөт. 65. Кыргыз Республикасьшын аймагында ушул Жобого ылайык катталбаганлотереялык белеттерди сатып өткөрүүгө тыюу салынат. 12. Тиражды өткөрүүнүн тартиби 66.Тиражды өткөрүүнүн тартиби лотерея өткөрүүгө укук бергенкүбөлүктү алууда бекитилген шарттарга ылайык ишке ашырылат. 67. Тираж комиссиясынын курамына лотереяны уюштуруучунун өкүлдөрү,коомчулуктун өкүлдөрү, башка адамдар киргизилет. Тираж комиссиясыкеминде үч адамдан турууга тийиш. 68. Телекөрсөтүү аркылуу тираж өткөрүү менен лотереялык шоуберилгенде уюштуруучулар утуштарды аныктоонун жол-жобосун көрсөтүүменен утуштун өзүн түз эфир аркылуу берүүнү камсыз кылышат. 69. Тираж башталганга чейин сатылбай калган лотереялык белеттер жоккылынгандан жана алардын жок кылынышы жөнүндө актыга комиссия колкойгондон кийин гана тираж өткөрүү мүмкүн болот. 70. Тираж өткөрүүнүн натыйжалары боюнча протокол түзүлүп, ага тиражкомиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлат жана бир жумалык мөөнөттөмамлекеттик каттоочу органга берилет. 13. Лотереянын байге фондусу 71. Лотереянын шарттарында билдирилген жана лотереягакатышуучулардын каражаттарынын бөлүштүрүлбөгөн бөлүгүн түзгөнлотереянын байге фондусу лотереяны уюштуруучунун активи болупэсептелбейт жана ал тарабынан уткан катышуучуларга аларды төлөпберүүдөн же берүүдөн башка эч кандай башка максаттарга пайдаланылышымүмкүн эмес. 72. Байге фондусу лотереяны түзүүчүнүн же уюштуруучунун менчигиболуп эсептелбейт жана алардын милдеттенмелери боюнча өндүрүлүшүмүмкүн эмес. 73. Байге фондусунун каражаттары айкын лотерея катталган учурдабекитилген шарттарда белгиленген эрежелер боюнча толугу мененойнотулууга тийиш. 74. Байге фондусунун талап кылынбаган бөлүгү лотереяны өткөрүүнүншарттарына ылайык утуштарды төлөө жана берүү мөөнөтү аяктагандан кийинлотереяны уюштуруучунун менчиги деп табылат. 75. Лотереянын байге фондусу утушту өткөрүү башталганга чейинжарыяланат. 76. Дароо ойнотулуучу лотереянын байге фондусу лотерея өткөрүүгөукук берген күбөлүк апынганга чейин байге фондусунун жалпы көлөмүнүнкеминде 30 пайызы өлчөмүндө түзүлүүгө тийиш, анын түзүлүшү жөнүндөмаалыматтар мамлекеттик катгоочу органга документтик формада берилүүгөтийиш. 77. Тираждуу лотереянын байге фондусу билдирилген байгеструктурасына ылайык лотереянын тиражын ойнотууну өткөрүү башталгангачейин толугу менен түзүлүүгө тийиш. 14. Утуштарды төлөөнүн жана берүүнүн тартиби 78.Лотереяны уюштуруучу тарабынан уткан белеттин ээсине утушту төлөпберүү же берүү ар бир айкын лотереяны өткөрүүнүн шарттарына ылайыкжүргүзүлөт. 79. Уткан белеттер лотерея өткөрүүнүн шарттарында белгиленгенмөөнөттүн ичинде тындырууга кабыл алынат. Бул мөөнөт тираждынжыйынтыгы расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кем болбош керек. 80. Утуштар бардык учурларда уткан лотереялык белет көрсөтүлгөндөнкийин он күндөн кечиктирилбестен бир мезгилде төлөнөт жана берилет. 81. Лотереяны уюштуруучу утуштун тиражынын натыйжалары аныкталганкүндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен утуштун тиражыныннатыижаларын массалык маалымат каражаттарында жарыялоогомилдеттүү. 15. Лотереяга катышуучулардын укуктарынын кепилдиктери 82. Лотереялык белетти сатып алуу жарандык-укуктук мамиленин келипчыгышы үчун негиз болуп эсептелет, ушуга ылайык лотереяга катышуучулотереяны уюштуруучудан: - лотереянын шарттарын жана эрежелерин сактоону; - лотереялык белетке туура келген утушту төлөөнү же берүүнү; - буюмдук утуштун ордуна анын акчалай эквивалентин берүүнү; - Өзүнүн уткандыгын жана анын өлчөмү жөнүндө маалыматтынжашыруундуулугун сактоону; - лотереянын эрежелерине ылайык лотерея жөнүндө маалымат берүүнү; - утуш тууралуу маалымкатты; - талаштарды жана нааразычылыктарды сотто кароону талап кылуугаукуктуу. 83. Лотереяга катышуучу-лотереялык белеттин ээси өткөрүүнүн шарттарыжана эрежелери бузулуп жаткан лотереяны токтотуу жөнүндө өтүнүчберүүгө жана лотереяны уюштуруучулардын эсебинен өзүнүн мүлктүкукуктарын сактоону мамлекеттик органдардан талап кылууга укуктуу. 16. Лотереялык белеттерди сактоонун, тындыруунун жанаутилдештирүүнүн тартиби 84. Лотереяны уюштуруучуда болгон лотереялык белеттер, ошондой элетындырылган утуш белеттери катуу тартипте эсепке алынууга жанакайтаруучу жана өрт кабарлагыч каражаттар менен жабдылган кампадасакталууга тийиш. 85. Утуштар төлөнгөн бардык белеттер, аларга лотереяны уюштуруучунунштампын коюу аркылуу тындырылууга тийиш. 86. Ар бир тираждык чыгарылыштын сатып өткөрүү мөөнөтү аяктаганданкийин бардык сатылбаган белеттер лотереяны уюштуруучунун чечими менентузүлгөн тираждык комиссия тарабынан жок кылынат. 87. Лотереяны өткөрүү аяктагандан жана лотереяны уюштуруучу анынаяктагандыгы тууралуу жалпыга жарыялагандан кийин утканлотереялык белеттерди реестрлерге ылайык санактан өткөруү жүргүзүлөт,алар утилдештирүү актысына карата тиркеме болуп саналат. 88. Уткан жана сатылбай калган лотереялык белеттерди утилдештирүүактысы комиссия тарабынан түзүлөт жана кол коюлат. Комиссиянынкурамына сөзсүз түрдө каттоочу мамлекеттик органдын өкүлдөрү жанакоомчулуктун өкүлдөрү киргизилет. 89. Утуштары лотереяны өткөрүүнүн жүрүшүндө төлөнгөн утканбелеттерди жана сатылбай калган лотереялык белеттерди утилдештирүүлотереялык белеттерди андан кийин кайра иштетүү менен майдалоо аркылууже болбосо өрттөө аркылуу жүргүзүлөт. 90. Утилдештирүү мамлекеттик каттоочу орган тарабынан лотерея боюнчабардык отчеттук документтер бекитилип жана аны өткөрүүнүн жыйынтыктарымассалык маалымат каражаттарында жарыялангандан кийин гана жүргүзүлөт. 17. Лотерея боюнча отчет берүүнүн тартиби 91. Лотереялар боюнча отчеттулуктун тартиби, аны жүргүзүү шарттарыжана формасы мамлекеттик каттоочу орган тарабынан аныкталат. 92. Лотерея боюнча отчеттуулук мамлекеттик каттоочу органга ай сайынберилип турат. 93. Ар бир аяктаган лотерея боюнча отчет ал аяктаган күндөн тартыпбир айлык мөөнөттө мамлекеттик каттоочу органга берилет. 18. Лотереялык ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төгүү тартиби 94. Лотереяларды уюштуруучулар лотереялык ишти жүзөгө ашыруу укугуүчүн акы төлөөчүлөр болуп эсептелет. 95. Лотереялык ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акынын өлчөмү ишжүзүндө сатылган лотереялык белеттердин суммасынын 7 пайызын түзөт,алар республикалык бюджетке чегерилет. 96. Түрткү берүүчү лотереялар үчүн лотереялык ишти жүзөгө ашырууукугуна акы байге фондусунун 7 пайызы өлчөмүндө белгиленет жаналотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктү алууга арыз берүү менен бирмезгилде республикалык бюджетке төлөнөт. 97. Лотереяларды уюштуруучулар тарабынан лотереялык ишти жүзөгөашыруу укугу үчүн акы лотереянын аймактык таандык болушуна карабастанреспубликалык бюджетке чегерилет. 98. Лотереялык ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы иш жүзүндө сатыпөткөрүлгөн лотереялар үчүн ар бир айдын 20сына чейин республикалыкбюджетке төгүлөт. 19. Милдеттүү нормативдер 99.Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлгөн лотереялар үчүнмилдеттүү нормативдерге төмөндөгүлөр таандык кылынат: - лотереялар үчүн байге фондусунун көлөмү лотереянын дүњ көлөмүнүн50 пайызынан төмөн эмес жана 75 пайызынан жогору эмес белгиленет.Тираждуу лотереялар үчүн байге фондусунун эњ аз өлчөмү айлык эмгекакынын 5000 эњ аз өлчөмүнөн төмөн эмес, ал эми дароо ойнолуучулотереялар үчүн айлык эмгек акынын 10000 эњ аз өлчөмүнөн төмөн эмесболууга тийиш, башкача болгондо мындай лотереяны уюштурууга жанаөткөрүүгө тыюу салынат; - түрткү берүүчү лотереяларда байге фондусунун өлчөмү байге берүүкампаниясынын пландарына ылайык уюштуруучу тарабынан аныкталат. Байгефондусу айлык эмгек акынын 1000 эњ аз өлчөмүнөн төмөн эмес болгонтүрткү берүүчү лотерея катталууга тийиш, башкача болгондо мындайлотереяны уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат; - лотереяларды уюштуруучулар үчүн атайын эсепте жайгаштырылганрезервдик каражаттардын өлчөмү эмиссиянын көлөмүндө: 500 мињге чейинки лотереялык белеттер үчүн - айлык эмгек акынын3000 эњ аз өлчөмүндө; 500 мињден ашык лотереялык белеттер үчүн - айлык эмгек акынын 5000эњ аз өлчөмүндө болууга тийиш. 100. Лотереялык ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы бир айдан ашыкмөөнөттө төгүлбөгөндө, республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгонтиешелүү сумма карызды тындыруунун эсебине атайын эсептен алыныпкоюлат. 101. Атайын эсепти толтуруу мөөнөтү 30 календарлык күндөн ашпооготийиш. Аталган эсеп белгиленген өлчөмдөргө чейин толтурулбаганучурда, лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктүн колдонулушу3 айга чейинки мөөнөткө токтотула турушу мүмкүн. 20. Ушул Жобону бузгандык үчүн жоопкерчилик 102. Лотерея өткөрүүгө укук берген күбөлүктү апбастан туруплотереяларды уюштуруу жана өткөрүү лотереяларды уюштуруучуларданлотерея өткөрүүдөн алынган кирешелердин бардык суммасын республикалыкбюджетке өндүрүп алууга, аталган лотереяны кийин аны жок кылуу мененсатуудан алып салууга жана лотереяларды уюштуруучуларды КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга алыпкелет. 103. Ушул Жободо көрсөтүлгөн лотерея өткөрүүнүн шарттарын жанаталаптарын бир нече жолу бузууга жол берген лотерея өткөрүүгө укукберген күбөлүктүн ээлеринин күбөлүктөрү алынып коюлат жана алар 3жылдык мөөнөткө лотерея өткөрүү укугунан ажыратылат. 104. Лотереяга катышуучулар менен лотереяларды уюштуруучулардьшортосунда келип чыккан бардык талаштар сот тартибинде каралат.