Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 16-сентябры N 439 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Күйүүчү-майлоочу материалдардын азайбай турган запасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык токтом кылат: 1. "Күйүүчү-майлоочу материалдардын азайбай турган запасы жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутундунун не-гизинде макулдук берилсин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши "Күйүүчү-майлоочу материалдардын азайбай турган запасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилге көтөрүлгөн"Күйүүчү-майлоочу материалдардын азайбай турган запасы жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, аны төмөнкүдөй пикир-лерди эске алуу менен кабыл алууга макулдук берет. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясына ылайык, жарандардын жанаюридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү нормативдикукуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик жүргүзүүнү жөнгөсалуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлору мыйзам чыгаруучу ор-гандын расмий сайтында жайгаштыруу менен коомдук талкуу үчүн милдеттүүтүрдө жарыяланууга тийиш. Мында түшкөн сунуштарды жана пикирлерди мый-зам чыгаруучу орган долбоорлорду толуктап иштөөдө эске алууга тийиш. Мыйзамдын долбоорунун 3-статьясында Мыйзам жарыяланган күндөн баш-тап күчүнө кирет деп белгиленген. Бирок "Кыргыз Республикасынын норма-тивдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын44-статьясына ылайык, ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу мыйзамдар рас-мий жарыялангандан үч айдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин күчүнө ки-рет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин2-статьясында жарандык мыйзамдар өзү жөнгө салган мамилелерге катышкан-дардын тендигин, зркинин автономиялуулугуы жана мүлктүк өз алдынчалыгынтаанууга, менчиктин кол тийгистигине, келишимдин эркиндигине, жеке иш-терге кимдир-бирөөнүн зомбулук менен кийлигишүүсүнө жол бербөөгө, жа-рандык укуктарды тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруунун зарылдыгына, бузулганукуктарды калыбына келтирүүнү, аларды сот тарабынан коргоону камсыз кы-лууга негизделет деп айтылган. Граждандар жана юридикалык жактар өздөрүнүн жарандык укуктарынөзүнүн эрки менен жана өзүнүн таламына жараша алышат жана жүзөгө ашыры-шат. Алар келишимдин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттеринбелгилөөдө жана келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кара-ма-каршы келбеген кандай гана болбосун шарттарын аныктоодо эркин болу-шат. Премьер-министр Ф.Кулов