Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 21-сентябрындагы № 444 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин структурасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-июнундагы № 425 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин структурасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-июнундагы № 425
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин структурасы" деген тиркеменин 2.18-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2.18. Чегаралык-ветеринардык карантиндик кызматтын башкы башкармалыгы". 2. Чегаралык-ветеринардык карантиндик кызматтын башкы башкармалы-гынын уюштуруучулук өзгөртүүлөрү менен байланышкан чыгымдар эмгек акынын бекитилген фондунун чектеринде жүргүзүлсүн. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов