Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 22-сентябрындагы № 446 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин «Мамлекеттиксатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайыккелтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Борбордоштурулган тендердик комиссияларды түзүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-октябрындагы № 626
токтому; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-октябрындагы №626 "Борбордоштурулган тендерлик комиссияларды түзүү жонүндө"токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2004-жылдын 10-февралындагы № 71
токтому; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-октябрындагы №626 "Борбордоштурулган тендерлик комиссияларды түзүү жөнүндө"токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2004-жылдын 4-августундагы № 573
токтому; - "Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдарынын муктаждыктары үчүн2004-жылы цемент жана шиферди берүүлөр тууралуу" КьгргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 99
токтомунун1-пункту. 2. Сатып алуучу уюмдар сатып алууну өз алдынча жер-жерлерде«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынынжоболоруна ылайык жүргүзөөрү белгиленсин. 3. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын жоболорун сактоо жана аткаруу үчүн жекече жоопкерчиликсатып алуучу уюмдардын биринчи жетекчилерине жүктөлсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соодабашкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов