КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 23-сентябры № 449
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон "Курулуш-Банк" АКБсы, "Инсан" АКБсы жана "Меркюри" АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 108, 2009-жылдын 3-июнундагы № 330 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Социалдык курч абалды төмөндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон "Курулуш-банк" АКБсы, "Инсан" АКБсы жана "Меркюри" АКБсы коммерциялык банктарынын аманатчыларына - жеке жактарга колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-августундагы № 480 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын алдындагы карызы жөнүндө" жана 2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 "Банкрот болгон коммерциялык банктардын аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө" токтомдоруна ылайык чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды 2009-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө алар боюнча аманатчыларга - жеке жактарга тындырылбаган калдыктын өлчөмүндө мөөнөтүнөн мурда тындырууну жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык:
- мамлекеттик баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда тындыруу үчүн акчалай каражаттарды кароо менен "Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрү жана толуктоолору киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджетинде мамлекеттик баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда тындыруу үчүн белгиленген тартипте акчалай каражат карасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов |