Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы N 655 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 28-сентябры № 457
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын
эмгегине акы төлөө боюнча кошумча
чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу
жана кесепеттерин жоюу боюнча өмүрдү тобокелдикке салуу менен байланыш-
кан күтүүсүз кырдаалдарда иштердин нормаланбаган режимине байланыштуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минист-
рлигинин аппаратынын жана структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн
төмөндөгүлөр белгиленсин:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- тамак-ашка эњ аз эмгек акынын тогуз эсе өлчөмүндө ар айлык ком-
пенсация;
- издөөчү, кыйроодон-куткаруучу жана калыбына келтирүүчү иштерге
өзгөчө кырдаалдар аймагында же өмүрдү тобокелдикке салуу менен байла-
нышкан кооптуу участокторду, кооптуу табигый жана техногендик процесс-
терди изилдөөгө түздөн түз катышкан кызматкерлер үчүн - эки кызматтык
маяна өлчөмүндө кошумча төлөө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-
рлиги ушул токтомдо каралган төлөп берүүлөрдү Кыргыз Республикасында
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн каражаттардын эсебинен
2005-жылдын 1-сентябрынан баштап жүргүзсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов