Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 3-октябрындагы № 462 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Калктуу конуштун аймагын кењейтүү жана көрүстөн түзүу үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүнө жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 20-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облустук мамлекеттикадминистрациясынын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулукрайонундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүндөгү Айыл чарба жерлерин кайрабөлүштүрүү фондунан 41,0 га сугат айдоону «Айыл чарба багытындагыжерлер» категориясынан төмөнкү категорияларга которуу жөнүндө Жербөлүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссиягамакулдашылган сунушу кабыл алынсын: - «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына - КыргызРеспубликасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловкаайылынын аймагын кењейтүү үчүн 15,0 га; - «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башкабагыттагы жерлер» категориясына - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунунСокулук районундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүндө көрүстөн түзүү үчүн26,0 га. 2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттикадминистрациясы: - жер участкаларына тиешелүү экологиялык экспертизаныРеспубликасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген тартиптежүргүзсүн; - жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдүкиргизсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өњүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов