Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 3-октябрындагы № 463 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Турак жай курулушу үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык муктаждыктарынканааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облустук мамлекеттикадминистрациясынын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулукрайонундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүндөгү Айыл чарба жерлерин кайрабөлүштүрүү фондунан 60,0 га сугат айдоону «Айыл чарба багытындагыжерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясынакоторуу жөнүндө Жер бөлүү менен байланышкан маселелер боюнчареспубликалык комиссияга макулдашылган сунушу кабыл алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин 25,0 га аянтыБишкек шаарынын мэриясына жана 35,0 га аянты Кыргыз РеспубликасынынЧүй облусунун Сокулук районунун тургундарына кийин жеке менчик туракжай курууга берүү үчүн өткөрүп берилсиы. 3. Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Чүйоблусунун мамлекеттик администрациясы: - жер участокторду бөлүп берүүнү Кыргыз Республикасынын нормативдикукуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзүшсүн; - бөлүп берилген жер участокторуна курулуш куруунун пландоочу жанажумушчу документтерин ал жерлерде социалдык-маданий маанидегиобъекттерди жана инженердик коммуникацияларды жайгаштырууну эске алууменен иштеп чыксын; - жерлерди айыл чарбд өсүмдүктөрүнүн түшүмү жыйналгандан кийиннатуралай бөлүп берсин; - жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдүкиргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов