Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 17-октябры № 480 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаары, "Жал-29" кичирайону дареги боюнча жайгашкан 25 квартиралуу № 10 турак үйдүн тургандарынын менчик укугун таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын турак жайга укуктарын коргоонукамсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Бишкек шаары, "Жал-29" кичирайону дареги боюнча жайгашкан куру-лушу бүтпөгөн 25 квартиралуу № 10 турак үйдө жашаган тургандардын Кыр-гыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ко-митети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык алар ээлеген квартираларгаменчик укугу таанылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-луш боюнча мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынынталабына ылайык жогоруда аталган үйдү эксплуатацияга мамлекеттик кабылалууну белгиленген тартипте уюштурсун. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствосу белгиленген тартипте укукбелгилөөчү документтерди тариздесин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктарына жанабөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов