Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 19-октябры, №483 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Достук үйүнүн имаратын өткөрүп берүү жөнүндө Достук үйүнүн имаратынын бөлмө жайларын пайдаланууну тартипке салуужана натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ишбашкармасы төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинеаныкталган тартипте өткөрүп беришсин: - Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78 дарегинде жайгашкан Достук үйүнүнимаратын министрликтин балансына; - Достук үйүнүн дирекциясын штаттык саны, эмгек акы төлөө фондужана аны кармоого сарптоолору менен. 2. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин борбордукаппараты, Кыргызстан элинин ассамблеясы, улуттук-маданий кошуундаржана Достук үйүнүн бөлмө-жайларын ээлеп турган башка уюмдар тиркемегеылайык жайгаштырылсын; 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети: - ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн администрациялык имараттыөткөрүүнү-кабыл алууну аныкталган тартипте камсыздасын; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынынадминистрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча топтомо реестргетийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин. 4. Күчүн жоготту деп эсептелсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-июлундагы. № 421«Достук үйү дирекциясын өткөрүп берүү жөнундө»
токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-мартындагы № 119-б
буйругу. 5. Бул тодтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Иш башкармасына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов