Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-майындагы № 281 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 20-октябры, № 488 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүүмекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдардыконвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жанасимволикалык белгиси жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүүмекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдардыконвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жанасимволикалык белгисин даярдоо менен байланышкан чыгымдарды каржылооКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелеринкайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой мененалып жүрүү боюнча мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардынчегинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарыныништери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов