Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 22-октябры № 496 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын 2004-жылдагы реcпубликалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын 2004-жылдагыреспубликалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко Кыргыз Республика-сынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2004-жылга каратаэкономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен
бил-дирүүсүндө айтылган, "Кыргыз Республикасынын 2004-жылга республикалыкбюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын аткарууда чечүү зарылболгон бюджеттик-салыктык саясат тармагындагы милдеттер негизинен атка-рылганын көрсөткөнүн белгилейт. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 15502,9 млн. сом көлөмдө ат-карылып, бюджеттик арналыштар 100,5 процентке ишке ашырылган. Республи-калык бюджеттин чыгаша бөлүгү 15984,9 млн. сом суммада же 98,4 процент-ке аткарылган. Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн планын бюджеттин дефици-тин жабуунун реалдуу булактарысыз көбөйтүү экономикалык классификация-нын бардык статьялары боюнча 256,8 млн. сомго кем каржыланышына алыпкелди, бул 2004-жылы жумшалган бардык чыгымдардын жалпы суммасынын 2,0процентин түзөт. Республикалык бюджетти аткарууда Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигинин Борбордук казыналыгы (мындан ары - Борбордук казыналык)кассалык чыгымдоолор процессин жөнгө салуучу укуктук документ жок болсокассалык чыгымдоолорго лимит белгилөө жолу менен каржылоону чектөө ык-масын колдонгон. Натыйжада, жергиликтүү бюджеттик мекемелердин 562,0млн. сом кредитордук карыздары болуп турганда, жергиликтүү бюджеттердин2005-жылдын 1-январына карата пайдаланылбаган ресурстарынын калдыгы101,6 млн. сомду түзгөн. 2004-жылы бюджеттин ресурслук бөлүгүндө Кытай Эл РеспубликасынынӨкмөтү АКШнын 13,0 млн. долларына же 541,0 млн. сомго барабар 111,0млн. кытай юань суммасындагы товарлар жана жабдуулар түрүндө КыргызРеспубликасына берген акысыз жардам да эсепке алынган эмес.2000-2005-жылдар мезгилинде бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизилбегенакысыз жардамдын көлөмү 250,0 млн. кытай юанын же 1248,6 млн. сомду(АКШнын 30,0 млн. долларын) түзгөн. Салыктык түшүүлөрдүн курамында ички продукцияга КНС боюнча 224,2млн. сомдук, ички продукцияга акциздер боюнча - 20,6 млн. сом, автомо-биль жолдорун пайдалангандык үчүн салык боюнча - 3,1 млн. сом, бажылыкпошлиналар боюнча - 7,8 млн. сом бекитилген параметрлердин аткарылышыкамсыздалган эмес. 2004-жылы түшкөн салыктардын жана төлөмдөрдүн жалпы көлөмүндө ма-териалдык ресурстар үчүн КНСтин зачеттук суммалары боюнча ашыкча төлөөжана ашуу 25,7 процентти же 2027,3 млн. сомду түзгөн, мында ушул элеучурда башка салыктар боюнча 1660,0 млн. сом салык алынбай калган. Булсалык кызматы салыктык администрациялоонун объективдүү эместигинин на-тыйжасында салык калдыктарын ашык төлөөлөрдүн эсебинен жоюу мүмкүндүгүнпайдаланбаганын күбөлөндүрөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-июнундагы № 427
токтому менен бекитилген "Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыктөлөнгөн суммаларды бюджетте эсепке алуунун, кайтарып берүүнүн жана ор-дун толтуруунун тартиби жөнүндө
жобонун" 1.17-пунктун бузуп, КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигинин комиссиясынын тийиштүү уруксаты-сыз "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коому-нун алыш-бериш эсебине жалпысынан 21,3 млн. сом суммадагы КНС төлөп бе-рилген. Республиканын бажы органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын жана экспортчу мамлекеттердинбажылык статистика маалыматтарынын базалары боюнча аналитикалык иштиканааттанарлык эмес дењгээлде жүргүзүп жатышат, бажылык көлөмдөрдөгүайырмалуу фактыларды аныкташпайт, анын натыйжасында орчундуу финансылыкресурстар бюджетке толук түшпөй калып жатат. Бажы менен "Бишкек" ЭЭЗинин Башкы дирекциясынын бажыкананын эмгекакы боюнча чыгымдарын "Бишкек" ЭЭЗи мыйзамдуу тартипте каржылоосунабайланышкан мамилеси карай кароону талап кылат, анткени бул бажылык ад-министрациялоону "Бишкек" ЭЭЗинин Башкы дирекциясынан финансылык көзкаранды кылууда. Борбордук казыналык салыктар боюнча 114,8 млн. сом ашыкчатөлөөлөрдү жөнгө салынуучу салыктарга (пайдага салык, жеке кирешеге са-лык, ички продукцияга акциздик салык) чегерүүгө уруксаттарды берген,бул республикалык бюджеттен 40,2 млн. сомдун жергиликтүү бюджеттергеалынышына алып келген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши 2004-жыл бою (Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин 2000-жылдын 1-августундагы № 196
Жарлыгын бузууменен) сыйлык түрүндө плансыз эмгек акыларды төлөгөнүнө байланыштуу эм-гек акы фонду 18284,8 мињ сомго негизсиз көбөйтүлгөн. Каржылоонун жыл аягында орчундуу көлөмдөрдө ачылышы жана бюджеттикмекемелердин сарптоолоруна лимиттердин белгилениши бюджеттин алдындагыдебитордук карыздын чыгышына жана бюджеттик мекемелердин кассаларындаолуттуу суммадагы акчалардын болушуна негизги себептер болгон.2005-жылдын 1-январына карата бюджеттик мекемелердин кассаларында 16,0млн. сом өздөштүрүлбөгөн бюджеттик акчалар болгон. Корголгон статьялар боюнча сарптоолорду каржылоонун артыкчылыгынакарабастан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республи-касынын Саламаттык сактоо министрлигине "Тамактануу" жана "Медикамент-тер" статьялары боюнча кредиттерди өз убагында ачкан эмес. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигининмаалыматы боюнча, 2004-жылдын биринчи жарымында дарылоо мекемелерине"Тамактануу" статьясы боюнча кредит бекитилген жылдык сметанын 28,9процентине жана "Медикаменттер" статьясы боюнча - 34 процентке ачылган,бул стаьялар боюнча 2004-жылдын 9 айында ушул иретке жараша 45,5 про-центке жана 46,9 процентке ачылган. Натыйжада ушул көрсөтүлгөн стать-ялар боюнча "жасалма үнөм" пайда болуп, ал кийин билдирүү-маалыматтар-дын негизинде дарылоо мекемелеринин сарптоолорун каржылоонун планынанчыгарылган. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө жергиликтүү жана респуб-ликалык "Бюджеттердин ортосундагы жөнгө салуу планы менен 2004-жылы өзара эсептешүүлөр боюнча жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджеткеөткөрүлчү 239,9 млн. сом каражат каралган, анын ичинде Ош шаарынын бюд-жетинен - 14,9 млн. сом, Ысык-Көл облусунун бюджетинен - 53,6 млн. сом,Чүй облусунун бюджетинен - 136,4 мињ сом, Бишкек шаарыныкынан - 35,0млн. сом каралган. Жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке өткөрүп берилчүкаражаттар иш жүзүндө 65,5 млн. сомду гана түзгөн же 152,2 млн. сом кемтүшкөн, анын ичинде Ысык-Көл облусу боюнча - 16,9 млн. сом, Бишкек шаа-ры боюнча - 35,0 млн. сом, Ош шаары боюнча - 700,0 мињ сом, Чүй облусубоюнча - 99,6 млн. сом кем түшүп, мунун натыйжасында "Кыргыз Республи-касынын 2004-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамынын 2-статьясы аткарылган эмес. 1995-1996-жылдарда жергиликтүү бюджеттер республикалык бюджеттеналган бюджеттик ссудаларды кайра төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтүэчак өтсө да (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 212-статьясыбоюнча 3 жыл) аларды кайтаруу же кечүү маселеси эмгиче чечиле элек. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик каражаттар-дын эсебинен кармалчу министрликтер менен ведомстволордун бюджеттеринтүзүүдө штаттык расписаниелер жана мамлекеттик кызмат орундардын норма-тивдик структуралары Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынажана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык келишин же-тиштүү контролдогон эмес. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигинин Суу чарба департаменти мамлекеттик кызматкерлерге кыз-маттык маяна белгилөөдө эреже бузууга жол берип, бул 30 кызматкерге231,5 мињ сом эмгек акы мыйзамсыз төлөнүшүнө алып келген. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 2004-жыл бою эмгек-тик келишимдер боюнча 138,4 мињ сом эмгек акы бюджеттик каражаттардынэсебинен кошумча эсептелген. Мындан тышкары, 664,0 мињ сом суммада ата-йын каражаттар чет уюмдарга жана мекемелерге демөөрчүлүк жана акысызжардам катары которулган, бул сарптоолрдун сметасында каралган эмес. Бир топ министрликтер жана ведомстволор электр жана жылуулук энер-гияларын керектөөнүн бекитилген лимитин жылдан жылга сактабай келаты-шат. 2004-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-нистрлигинин Жазаны аткаруу башкы башкармалыгында, Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик ко-миссияда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүүбоюнча мамлекеттик комиссияда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМамлекеттик архив кызматында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарбажана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттикагентстводо электр энергиясын лимиттен ашык пайдаланууга жол берилген. Жалпысынан 2004-жылы 46,3 млн. кВт саат электр энергия (жалпы ке-ректөөнүн 16,6%) 44,4 млн. сомго үнөмсүз пайдаланылган. "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компания" ААК (мурдагыКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнчамамлекеттик комиссия) бюджеттик каражаттарды өзүнө рекредиттеген. Мындабюджеттин кредиттик ресурстарын каржылоодогу артыкчылык негизинен алко-голдуу продукция чыгаруучу чарбакер субъекттерге берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы № 113
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Иш-кердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө
жобонун IIстатьясы бузулуп, проценттик ставкаларды аныктоого негиз болуучу жобоиштелип чыккан эмес. Мисалы, эгер жеке ишкерлер кредиттик ресурстарды жылдык 18-22 про-цент менен алышса, алкоголь тармагындагы чарбакер субъекттер жылына 2процент менен гана алышкан. Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун жана Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин Иш башкармасынын фондунун алыш-бериш эсептерижабылбастан, казыналык системасынан тышкары иштөөнү улантышууда. Борбордук казыналык 2004-жылы Кыргыз Республикасынын "Жол фондужөнүндө"
Мыйзамын бузуп, Жол фонду боюнча кирешелерди өзүнчө эсепкетоптогон эмес, ал эми республикалык жана жергиликтүү бюджеттергетүшкөн, Жол фондун түзүүнүн булагы болуучу салыктар башка максаттаргапайдаланылган. "Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жанаалардын кесепеттерин жоюуга бөлүнүүчү каражаттарды чегерүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык, сатылган продукциянын (жумуш-тардын) баасынан Өзгөчө кырдаалдарды жоюу фондуна которуулардын 1,5проценти республикалык бюджеттин атайын эсебине которулууга жана өзгөчөкырдаалдар, авариялар жана кыйроолор болгон учурларда калыбына кел-тирүүчү жана башка иштерди, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардынёалдын алуужана келтирилчү зыянды азайтуу боюнча жумуштарды каржылоого жумшалуугатийиш. Бул эсепке түшүп, жыл ичинде пайдаланылбаган каражаттардын мак-саттык арналышы сакталат жана башка максаттарга пайдаланылышы мүмкүнэмес. Бирок Финансы министрлиги 2004-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдыналууга жана жоюуга түшкөн 835,4 млн. сом суммадагы каражаттан КыргызРеспубликасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине 427,9млн. сом (51,2%) гана берген. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Экологияжана өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жалпы суммасы 169,7 млн. сом бол-гон 159 объектти куруу жана калыбына келтирүү боюнча пландаштырылганжумуштарды аткарууга финансылык каражат жетпей турса да, калган сумма -407,5 млн. сомдун максаттык арналышы сакталбай, башка чыгымдарды каржы-лоого пайдаланылган. 2004-жылы "Билим алуунун жеткиликтүүлүгү (Жеткинчек)"
программасыбоюнча бюджет 30693,9 мињ сом суммада бекитилип жана каржыланган. Кас-салык чыгымдар ушул эле суммада болгон, иш жүзүндөгү чыгымдар 27968,1мињ сом болгон 2004-жылдын аягында кассада 2740,2 мињ сом, же каржылоо-нун көлөмүнүн 8,9 проценти, мунун ичинде сом менен - 1016,1 мињ сом жа-на доллар менен - 40,8 мињ АКШ доллары накта акча түрүндө калдык кал-ган. Бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигинин 2004-жылдын 31-декабрындагы N368-п приказын бузуп, накта акчанын жылдын аягында калган калдыгын бюд-жетке кириштеген эмес. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентининбуйругусуз 78,6 мињ сом пайдаланылып, Кыргыз Республикасынын Президен-тинин Иш башкармасынын фондуна которулган. Финансы министрлиги бюджеттик мекемелердин эсептеринде товар-дык-материалдык баалуулуктардын жана каражаттардын нормадан ашык запас-тарын азайтуу боюнча тийиштүү иш жүргүзүп жатканына карабастан алардынбюджеттик уюмдарда болуу проблемасы чечиле элек. 2004-жылдын аягына карата 36 бюджеттик мекемеде нормадан ашык 92,8млн. сомдук запас бар экени аныкталган. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекет-тик өрт кызматы башкы башкармасы 2005-жылдын сметасы боюнча товар-дык-материалдык баалуулуктардын 8,9 млн. сом суммадагы нормадан ашыкзапасын зачеттоого тийиш. "Кыргыз Республикасынын 2004-жылга республикалык бюджети жөнүндө"Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 6-статьясынын атайын каражаттарды ка-зыналыкты айланып өтүп пайдаланууга тыюу салган бөлүгү бузулушуна жолберилген. Жогоруда аталган Мыйзамды бузуп 82,4 млн. сом пайдаланылган,анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын меке-мелери боюнча - 3,8 млн. сом, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илимжана жаштар саясаты министрлиги боюнча 78,6 млн. сом пайдаланылган.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жа-кынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү мекемелери 109,1 млн. сомду казыналыксистемасынан тышкары пайдаланышкан. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик кызматчылардынэмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө"
Жарлыгы Кыргыз РеспубликасынынЭкономика жана финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү бо-юнча мамлекеттик фонддо аппарат жетекчисинин каралбаган кызматтык орунбирдигин кармоо жагында бузулганы аныкталды. 100,6 мињ сом эмгек акымыйзамсыз эсептелген жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна 25,1мињ сом мыйзамыз которулган. Фонд казыналыкты айланып өтүп 24,2 мињсомду пайдаланган. "Кыргыз Республикасынын 2004-жылдагы республикалык бюджетинин ат-карылышы жөнүндө отчетту текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу" Кыргыз Рес-публикасынын Эсептөө палатасынын сунуштарында көрсөтүлгөн кемчиликтердижоюу жана тийиштүү финансылык тартипти камсыздоо максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги: - "Кыргыз Республикасынын 2004-жылга республикалык бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын аткаруудагы кемчиликтерди жоюубоюнча ишти күчтөсүн; - 2004-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзүүучурунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы аныктаган финансылыктартип бузуулар, ошондой эле бюджеттик каражаттарды бданка максаттаргапайдаланууга жол берилгендик үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жанафинансы министри финансылык тартип бузууга жол берген кызмат адамдары-нын жоопкерчиликтерин карасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөаныкталган тартипте сунуштарды киргизсин; - финансылык-бюджеттик саясаттын натыйжалуулугун арттыруу макса-тында салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча жылдык божомолкөрсөткүчтөрдү бюджет бекитилгенден кийин дароо маалымдасын. Мында бюд-жетти ишке ашыруу процессинде божомол көрсөткүчтөрдү тактоо мыйзамгаылайык - квартал бүтөөргө чейин 30 күндөн кечиктирбей ишке ашырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин фондунун жана Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин Иш башкармасынын фондунун коммерциялык банктардагы алыш-беришэсептерин жапсын жана аларды казыналык системасына которсун. Казыналык-ты айланып өтүп пайдаланылган 3,8 млн. сомду бюджеттин пайдасына кириш-тесин. 3. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитет-теринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилери финансылыктартипти камсыздоо, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу, ве-домствого таандык мекемелерде пландан тышкаркы сарптоолорду каржылоогожол бербөө үчүн жооптуу кызмат адамдарын белгилешсин. 4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн матери-алдарында белгиленген, ашыкча каржыланган каражаттардын республикалыкбюджетке кайра алынышын камсыздасын; - төмөнкүлөрдү республикалык бюджеттин пайдасына кириштесин: Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты ми-нистрлигинин мекемелери боюнча казыналык системасын айланып өтүп пайда-ланылган 78,6 млн. сомду; 36 бюджеттик мекеме боюнча нормадан ашык 78,6 млн. сом жана КыргызРеспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик өрт кызма-ты башкы башкармасы боюнча 8,9 млн. сом запастарды; бюджеттик мекемелердин кассаларында турган 16,0 млн. сомөздөштүрүлбөгөн каражаттарды; 2001-2004-жылдардагы отчеттор боюнча жергиликтүү бюджеттерден рес-публикалык бюджетке өткөрүп берилчү каражаттарды кириштөө боюнча анык-талган тартипте сунуштарды киргизсин; - "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик ко-омунун алыш-бериш эсебине 21,3 млн. сомдун Кыргыз Республикасынын Эко-номика жана финансы министрлигинин комиссиясы карабастан кайтарылышынажол берген кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин карасын; - жергиликтүү бюджеттер 1995-1996-жылдарда алышкан бюджеттик ссу-далардын аныкталган тартипте кечилишине демилге көтөрсүн; - Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражаттары өзүнчө эсептетоптолушун камсыздасын, бул фонддун каражаттарын максаттуу гана пайда-лансын жана толук көлөмдө каржыласын; - республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн планын түзүүдө четөлкөлүк автоташуучулардан жыйымдарды алууну, бажы органдарынын товар-ларды конфискациялоосунан түшүүлөрдү, бажы органдарынан башкатүшүүлөрдү, эсептерди тейлегендик үчүн 1,5 процент өлчөмдө жана анык-талган контрабандадан түшүүлөрдү караштырсын; - бюджеттик сарптоолорду тартипке салсын жана оптималдаштырсын,алардын бирдей бөлүштүрүлүшүн жана каржыланышын, бюджеттер арасындагымамилелердин мындан аркы өркүндөтүлүшүн камсыздасын, республикалык бюд-жеттин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каражаттарын эсепке алуубоюнча эсептердеги каражаттардын калдыктарын оптималдаштырсын. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-пекциясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажыинспекциясы: - салык жана бажы мыйзамдарынын одоно бузулушуна жол берген жетек-чилердин жеке жоопкерчиликтерин карашсын; - салыктык жана бажылык администрациялоонун натыйжалуулугун жого-рулатышсын, төлөө тартибинин абалын жакшыртышсын; - алынбай калган калдыктарды азайтуу боюнча ишти күчөтүшсүн жанасалыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөөлөрдүн суммалары бюд-жеттен кайтарылышына контролду катуулатышсын; - мыйзамда "ЭЭЗдердин" дирекциялары бажы органдарынын кызматкерле-рин кармоого чыгымдарды каржылоосу жөнүндө шарттарды алып салуу боюнчаКыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен макул-дашылган сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө беришсин. 6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жана республи-калык бюджеттин орчундуу коромжу болушуна алып келген чечимдердин кабылалынышына тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартуу маселесин кароо үчүнКыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын материалдары Кыргыз Респуб-ликасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин. 7. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттерижана администрациялык ведомстволору Кыргыз Республикасынын Эсептөө па-латасынын сунушунда белгиленген кемчиликтерди жоюшсун жана 2005-жылдынбюджетин аткарууда аларды эске алышсын. Жасалган иштер жөнүндө квартал сайын Кыргыз Республикасынын Эконо-мика жана финансы министрлигине маалымат беришсин. 8. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына республикалык бюджет-тин аудити жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосунаберүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган кыз-мат адамдарына же аудиттин объектисинин кызматкерлерине карата адми-нистрациялык санкцияларды колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүү сунуш-талсын. 9. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы башкармасына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов