КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 23-октябры № 497 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында коомдук-саясий абалды жайгаруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кийинки күндөрдө Кыргыз Республика-сынын Юстиция министрлигинин Жазык-аткаруу башкы башкармасынын мекеме-лерин кыдыруу учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депута-ты Т.А.Акматбаевдин жана аны коштоп жүргөн башка адамдардын өлтүрүлүшү-нө байланыштуу республиканын борбору Бишкек шаарында коомдук-саясийабал кескин курчуп кеткенин белгилейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ошондой эле эмгек-түзөтүү колонияла-рындагы абал татаалдашып, республиканын калкын тынчсыздандырып жатканында белгилейт. Республикада коомдук-саясий абалды курчутууга аракеттенген бузукукүчтөр бул трагедиядуу окуяны пайдаланып, курман болгондордун тууганда-ры менен жакындарынын жан-дүйнөлөрүнө ойношуп, бул окуяларга КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининжетекчилигинин тиешелери бар деген ар түрдүү жоромолдор менен имиштердитаратышып, коомду бөлүп-жарууга жана өлкөдөгү абалды бузууга аракетте-нип жатышат. Алынган маалыматтарга караганда митинг өткөрүп жаткандардын ара-сында дүрмөттүү куралчан адамдар бар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жарандардан борбор шаардагы абалдынормалдаштыруучу кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырган көптөгөн кай-рылуулар келип жатат, бул Кыргыз Республикасынын Президентинин жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коомдогу социалдык-экономикалык абалдыжакшыртууга жана тынчтандырууга багытталган күч-аракеттерин элдин кол-доп жаткандыгынын күбөсү Кайрылууларда жооп катары каршы минтингдердижана демонстрацияларды өткөрүүгө чакырыктар жана ниеттер болгону олут-туу тынчсыздандырат. Мындан тышкары эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк ин-весторлор түзүлгөн абалга байланыштуу абдан тынчсызданышып, анын мынданары курчуп кетүүсүнөн кооптонушууда. Өлкөдө коомдук-саясий абалды нормалдаштыруу, анын андан ары курчу-шун болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитет-теринин, администрациялык ведомстволорунун жетекчилери жана жергиликтүүмамлекеттик администрацияларынын башчылары өлкөдө коомдук-саясий абал-дын мындан аркы татаалдашуусуна жол бербөө, ошондой эле митингдик ээнбаштыктардын көбөйүшүн алдын алуу боюнча бардыгын камтыган чаралардыкөрүшсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, Бишкек шаардык Ичкииштер башкармасынын начальниги Бишкек шаарынын мэри менен бирдикте: - Бишкек шаарында коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо;издөөдө жүргөн адамдарды, дүрмөттүү куралды мыйзамсыз сактаган жанаалып жүргөндөрдү аныктоо жана кармоо, адамдарды митингдерге жана де-монстрацияларга күчтөп кагыштыруу фактыларын жана башка мыйзамга каршыаракеттерди токтотуу боюнча; - митингдин катышуучулары мындай иш-чараларды өткөрүү жөнүндө Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарын сакташы жана коомдук жерлерде тартиптиорнотуу, боз үйлөрдү, чатырларды тигүү, тамак жасоо менен митинг жанабашка массалык акцияларды өткөрүүнүн алдын алуу боюнча; - Бишкек шаарында паспорттук режимди текшерүүнү күчөтүү боюнча ке-чиктирилгис чараларды көрүшсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри: - жазык-аткаруу системасынын нормалдуу иштешин, камактагылардынукуктары сакталышын камсыздасын; - жазаны өтөө режимин бузган камактагыларды Кыргыз Республикасыныннормативдик укуктук актыларына ылайык катуу жоопкерчиликке тартсын; - жазык-аткаруу системасынын кызматкерлери камактагылар менен ма-миледе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ведомстволук актыла-рында белгиленген нормаларды катуу сакташын камсыздасын. 4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри КыргызРеспубликасынын Юстиция, министрлигинин Жазык-аткаруу башкы башкармасынбекитилген бюджеттин чегинде өз учурунда жана толук көлөмдө каржылоонукасыздасын. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражттарына жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов